17.11.2024 №185 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун №3023 жана Ак-Суу районунун №3092 шайлоо участкаларындагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун №3023 жана Ак-Суу районунун №3092 шайлоо участкаларындагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун №2 Чоң-Сары-Ой округунун №3023,  Ак-Суу районундагы Каракол айылдык кеңешинин №1 Тепке округунун №3092 шайлоо участкаларындагы шайлоо жабдыктарындагы техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. -  №3023 УШК – 2024-жылдын 17-ноябры саат 23:00гө чейин;

- № 3092 УШК – 2024-жылдын 18-ноябры саат 20:00гө чейин шайлоо участкаларында шайлоо мөөнөтү узартылсын.

2. Ысык-Көл жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиялары, ошондой эле тиешелүү участкалык шайлоо комиссиялары шайлоо участкаларында ишти ушул токтомго ылайык уюштурушсун.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 17-ноябры

№ 185