№34

Араван, Өзгөн, Токтогул, Аксы, Ноокен, Түп, Кара-Балта, Панфилов жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө төмөнкү чечимдери келип түштү:

  1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:

–Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-февралындагы №1 Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айылдык кеңеши боюнча;

–Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 23-февралындагы №5 Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши боюнча;

–Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-февралындагы № 4 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;

–Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-февралындагы №2 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылдык кеңеши боюнча;

–Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралындагы №2 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э. Алиев айылдык кеңеши боюнча;

–Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 23-февралындагы №3 Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай айылдык кеңеши боюнча;

–Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 24-февралындагы №3 Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча;

–Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 24-февралындагы №3, 4 Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;

–Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-февралындагы №3 Нарын облусунун Нарын районунун Э. Дайракунов айылдык кеңеши боюнча;

2)Катталган талапкерди жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдер:

–Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 24-февралындагы № 4 Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча;

–Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 24-февралындагы № 6 Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;

3)“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

–Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-февралындагы №1 Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айылдык кеңеши боюнча;

–Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-февралындагы №2 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылдык кеңеши боюнча;

–Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 23-февралындагы №3 Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай айылдык кеңеши боюнча;

–Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-февралындагы №3 Нарын облусунун Нарын районунун Э. Дайракунов айылдык кеңеши боюнча.

4) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде бош мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

–Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 23-февралындагы № 6 Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши боюнча;

–Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-февралындагы № 4 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;

–Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 24-февралындагы № 4 Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча;

–Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 24-февралындагы № 5, 6 Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңеши боюнча.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, катталган талапкерди жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдерин бекитет.

Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

Араван, Өзгөн, Токтогул, Аксы, Ноокен, Түп, Кара-Балта, Панфилов жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

–Кара-Балта жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;

Араван, Өзгөн, Токтогул, Аксы, Түп, Кара-Балта, Панфилов жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын бош мандаттарды депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.

2.1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.

3. Араван, Өзгөн, Токтогул, Аксы, Түп, Кара-Балта, Панфилов жана Нарын аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Б.А. Конуровго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 4-марты

№ 34