Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 04.10.2017 №98 «Демократия жана жарандык коом үчүн» коомдук …

04.10.2017 №98 «Демократия жана жарандык коом үчүн» коомдук бирикмесинин арызы жөнүндө (2017-жылдын 28-сентябрында кир. № 01-13/2445)

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары –Борбордук шайлоо комиссиясы) «Демократия жана жарандык коом үчүн» коомдук бирикмеси (мындан ары-арыз ээси) 2017-жылдын 28-сентябрында  кир. № 01-13/2445 арызы менен кайрылган.
Арыз ээсинин далили боюнча 2017-жылдын 25-сентябрында № 26 мектеп-гимназияда директор Е. Б. Селезнова тарабынан ата-энелердин чогулушунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековду колдогон үгүт жүргүзүлгөн. Арыз ээси аталган иш-аракет “Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүгүнө каршы келет деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө  шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө  боюнча жумушчу тобужана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобу(мындан ары- Жумушчу топтор) 2017-жылдын 30-сентябрындагы биргелешкен жыйналышында берилген арызды маңызы боюнча карап чыгышты.
Арыз ээсинин далилдерин калыс кароо жана изилдөө, ага баа берүү максатында  Жумушчу топтордун биргелешкен жыйналышына «Демократия жана жарандык коом үчүн» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана Бишкек ш. №26 мектептин директору Е.Б. Селезнова чакырылышкан.
Жумушчу топтордун жыйналышында Е. Селезнова 2017-жылдын 25-сентябрында мектептин окуучуларынын ата-энелеринин жалпы чогулушу болгонун түшүндүрдү. Чогулуштун жүрүшүндө ал ата-энелерге бюджеттен тышкары акча каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө отчет берип, жардам беришкени үчүн камкорлор кеңешинин, ата-энелер кеңешинин төрагаларына ыраазычылык билдирген. Чогулуштун аягында Е. Селезнева ата-энелерди жарандык позициясын билдирүүгө, алдыда турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууга чакырган, аны менен кошо биометрикалык маалыматтарды чогултуунун стационардык пунктунун жакынкы дарегин кабарлаган.
Е. Селезнева эч кандай талапкер үчүн үгүт жүргүзбөгөнүн айткан, бул чогулушка катышкандардын кат жүзүндөгү арыздары менен тастыкталып турат. №26 орто мектептин директорунун орун басарлары Саманчинова Т., Лугинина О., окуучулардын ата-энелери -Кадралиева Н., Мурсакматова А., Мухамедова Т., Мамутова Ж., класстардын кураторлору-Ниязалиева З., Патанина Н. 2017-жылдын 25-сентябрындагы мектептин окуучуларынын ата-энелеринин чогулушунда мектептин директору үгүт жүргүзбөгөндүгүн, жарандык позицияны билдирүүгө гана чакырганы туурасында кат жузүндө арыздарын калтырышкан.  
 Жумушчу топтордун жыйналышында арыз ээси тарабынан берилген аудиожазууда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбеков жөнүндө бир да сөз жок экенин моюнга алышкан.
Жумушчу топтордун чечими менен «Демократия жана жарандык коом үчүн» коомдук бирикмесинин даттануусун канааттандыруудан баш тартылган.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-абзацына ылайык, Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат. Арыздар (даттануулар) жүйөлүү болуп, аларга негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш. Өз кезегинде арыздануучулар билдирилген талаптарга негиздемелерди беришкен эмес.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  22-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык, Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, судьялар, диний уюмдардын өкүлдөрү, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укугу жок.
Мектептин директору мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болуп эсептелбегендигин, Кыргызс Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы №17 жарлыгы менен бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын реестрине кирбегендигин  белгилей кетүү керек.
 Жогоруда баяндалгандардын негизинде «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» Жобонун 1.6. 1.10. пункттарын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 43-беренесин, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө  шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө  боюнча жумушчу тобунун жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобунун биргелешкен чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
 
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коомдук бирикмесинин арызын канааттандыруудан - баш тартылсын.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобуна жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө  шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө  боюнча жумушчу тобуна жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш.,2017-жылдын 04 -октябры
№  98