ЧЕЧИМ №13

Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашаган Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнүн шайлоо укугун камсыз кылуу жана 2012-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодогу добуш берүү күнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы жаза аткаруунун Мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №1 тергөө изоляторунда жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө изоляторунда шектүү деп жана күнөөлөнүп камакта тургандар “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 8-бөлүгүндөгү шектүү деп жана күнөөлөнүп камакка алуу жайларында турган Кыргыз Республикасынын жарандары, эгерде алар шайлоо өтүп жаткан тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашашса, алар камакта турган жай ушул администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан шарттарда, камакка алган жайларда добуш берүүгө укуктуу  талаптарын аткаруу максатында, ошондой эле аталган мекемелердин спецификасын эске алуу менен, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 12, 33-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1, 4, 5-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 3, 10-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧТИ:

1. 2012-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо мезгилинде туруктуу катталган жери боюнча шайлоочулардын тизмесинен чыгарылып, шайлоочулардын тизмесине киргизилсин:

- ЖАМКнын №1 тергөө изоляторунда кармалып турган адамдар №1120 шайлоо участогуна (1-тиркеме);

- УКМКнын тергөө изоляторунда кармалып турган адамдар №1220 шайлоо участогуна (2-тиркеме).

2. Бишкек шаарынын №1120 жана №1220 участкалык шайлоо комиссиялары көрсөтүлгөн шайлоочуларга 2012-жылдын 24-ноябрында добуш берүүчү жайдан тышкары добуш бериши үчүн мүмкүндүк түзсүн.

3. Бул чечимдин көчүрмөсү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына, ЖАМКга, УКМКга жиберилсин.

4. Бул чечим «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                                         Т.АБДРАИМОВ

 

 

                        Бишкек ш., 2012-жылдын 19-ноябры