Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29

Уметалиева Токтайым Джумаковнанын 2011 – жылдын 3 – ноябрындагы арызын карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 4 – бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ЧЕЧТИ:

 1. Уметалиева Токтайым Джумаковнага шайлоо күрөөсүн кайтаруудан баш тартылсын.

2. Уметалиева Токтайым Джумаковнага ушул чечимдин көчүрмөсү берилсин.

3. Бул чечим “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын контролдук – текшерүү тобунун жетекчиси А. Т. Асаналиевге жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                 Т. АБДРАИМОВ

 Бишкек ш., 2011-жылдын 15 -ноябры