Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы …

06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2012-жылдын 5-декабрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешинин № 3041 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыгына талапкерлер А.С. Иващенкодон, Л. Киизгаповдон, М. Тазабековдон арыз келип түштү, алар шайлоочулардын добуштарын кайталап саноону өтүнгөн.

Берилген материалдардан участкалык шайлоо комиссиясынын (УШК) мүчөлөрү талапкерлерге берген  шайлоочулардын добуштарынын үнүн чыгарып санаган саны жөнүндөгү байкоочулардын мааалыматтары № 3041 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдо чагылдырылган маалыматтарына дал келбегендиги аныкталган.

Шайлоочулардын добуштарын саноо процесси учурунда УШКнын мүчөсү Ж.Джумашева үйүнө кетип калып, шайлоочулардын талапкерлер үчүн берген добуштарынын саны жөнүндө маалыматты оозеки түрүндө депутаттыкка талапкер
О. Казиев аркылуу берген.

Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун өкүлүнүн же байкоочунун талабы боюнча добуштарды кайра эсептөө жүргүзүү талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун өкүлүнүн же байкоочунун түздөн-түз катышуусу жана алар үчүн өз көздөрү менен көрүп контролдоо мүмкүнчүлүгүн түзүү астында кайрадан эсептелет. Мында шайлоо бюллетендери үн чыгарып эсептелет деген,  «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 12-бөлүгүнүн талаптарын бузуу менен, УШКнын мүчөлөрү добуштарды кайталап саноо процедурасынан баш тартышкан.

Ошондой эле УШКнын мүчөлөрү «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 20-бөлүгүн бузуу менен добуштарды саноого катышкан адамдарга добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн беришкен жок. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун көчүрмөлөрү талапкерлерге Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясында (АШК) 2012-жылдын 28-ноябрында берилген.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор түзүүдөн кийин УШКнын мүчөлөрү шайлоо документтерди мөөрлөп бекитпестен Ысык-Көл АШКсына жеткиришкен.

Семеновка айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер А.Казиев, А.Джамгырчиев, А.М.Кийизгапов 2012-жылдын 26-ноябрында Ысык-Көл АШКга №3041 УШКдан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүүнүн тууралыгы шектүүлүгүнөн улам добуштарды кайталап эсептөөнү жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Ысык-Көл АШК 2012-жылдын 28-ноябрындагы №40 чечими менен депутаттыкка талапкерлерге шайлоочулардын добуштарын кайталап эсептөөдөн баш тартылган.

№3041 шайлоо участкасында Семеновка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду иликтегенде добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду оңдоо фактылары табылган, протоколго УШКнын төрагасы А.К. Картанов үчүн УШКнын мүчөсү А.А.Шамбетова кол койгон, комиссиянын катчысы С.П.Ходикин үчүн УШКнын мүчөсү Г.Б.Жумаева кол койгон, ошондой эле протоколго комиссиянын мүчөсү Н.В.Нискодубов кол койгон, ал
2012-жылдын 25-ноябрында болгон эмес жана УШКнын ишине катышкан эмес.

Шайлоочулардын добуштарын эсептөө процессинде «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин талаптарын бузуулар жөнүндө жогоруда саналган, Ысык-Көл районундагы №3041 УШКнын мүчөлөрү жол берген, көрсөтүлгөн шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын ишенимдүүлүк менен белгилөөгө мүмкүндүк бербеген фактылар орун алгандыгын жана участкалык комиссия добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду туура түзгөндүгү жагынан шек пайда болгондугун эске алып, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 6-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6-беренесин, 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1, 2, 26-пункттарды, 2-бөлүгүндөгү 5-пунктту жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ЧЕЧТИ:

1. Семеновка айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер А.С. Иващенкого, Л. Киизгаповго, М. Тазабековго № 3041 шайлоо участкасы боюнча шайлоо бюллетендерди кайталап саноодон баш тартуу жагынан Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын  2012-жылдын 28-ноябрындагы № 40 чечими жокко чыгарылсын.

2. Ысык-Көл облуснун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн катышуусунда № 3041 шайлоо участкасында шайлоочулардын добуштарын кайталап санасын.

3. Бул чечимдин көчүрмөсү Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн жана арыз ээлерине берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                             Т.АБДРАИМОВ

 

            Бишкек ш., 2012-жылдын 6-декабры