ЧЕЧИМ №9

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн, азыркы учурда Бишкек шаарында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо окутуунун күндүзгү формасындагы студенттерге, аспиранттарга жатаканалардагы иш жүзүндө жашаган жерлери жана убактылуу катталган жарандарга шайлоо укугун берүү далалаты жүрүп жаткандыгына карата кайрылуусу түштү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3 жана 46-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧТИ:

1. Бардык аймактык шайлоо комиссиялардагы системдик администраторлорго жана атайын өкүлдөргө “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын так сактоо жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине паспортунда (ID карта) туруктуу каттоо жөнүндө каттоо белгиси бар жана жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелген адамдарды кана киргизүү көрсөтүлсүн.   

Тийиштүү жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелбеген, окутуунун күндүзгү формасынын студенттери жана аспиранттары, мындайча айтканда окуу жайына өткөнгө чейин шайлоолор өткөрүлгөн администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашабаган, бирок жатаканалар турган жер боюнча паспортунда каттоо белгиси барлар, ошондой эле убактылуу катталган жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт жана добуш берүүгө катышууга укуксуз.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы бул чечимди системдик администраторлорго, атайын өкүлдөргө, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына жеткирсин.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К. Джурабаевага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                         Т.АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2012-жылдын 4-октябры