Чечим № 17

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,15-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧТИ: 

  1. Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялары үчүн добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдор “Континет” ЖЧК  басмаканасында 406 даанада түстүү кагазда басылсын.
  2. Бул чечим “Эркин Тоо” газетасында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
  3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.

 ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш, 2012-жылдын 22-ноябры