ЧЕЧИМ № 18


2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу шайлоо документтерин иштетүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 17-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 18-январындагы № 11 токтому менен бекитилген референдумдарды даярдоо жана өткөрүү, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоого байланышкан архивдик документтерди сактоонун жана берүүнүн тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 1. Кыргыз Республикасынын Президентин 2011-жылдын 30-октябрында шайлоо боюнча “Учкун” ААКда сактоодо турган шайлоо бюллетендерин жок кылуу боюнча комиссия, курамы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын буйругу менен аныкталган түзүлсүн.

2. Комиссия практикалык маанисин жоготкон шайлоо документтерин тандап чыгууну жүргүзсүн жана акт боюнча жок кылсын.

3. Бул чечим  «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.  Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                             Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш, 2012-жылдын 22-ноябры