ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Бишкек шаарынын прокурору Т.А. Кожоновдон
2012-жылдын 6-ноябрында келип түшкөн (09.11.12-ж. кир. №03-1/13-1402) Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка “Республика” саясий партиясынан талапкер болуп катталган Түлөбаев Балбак Зарлыковичти кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштамасын карап чыгып,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧТИ:

1. Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерликке “Республика” саясий партиясынан катталган Түлөбаев Балбак Зарлыковичти кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Бишкек шаарынын прокурору Т.А. Кожоновдун  сунуштамасына макулдук берилсин.

2. Бул чечимдин көчүрмөсү Бишкек шаарынын прокуроруна  жана маалымат үчүн Бишкек  аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш, 2012-жылдын 6-декабры