Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу …

06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2012-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешинин №4 Батыш көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлер Т.Сулайымбековдон, Р.К.Байдолтовдон, М.С.Иманалиевден, Б.Ж.Жакыпалиевден, К.А.Мамыркановдон арыз келип түштү, алар №3189 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табууну өтүнүп, көрсөтүлгөн округ боюнча депутаттарды шайлоодо башка шайлоочулар үчүн добуш берүү фактылары орун алгандыгын көрсөткөн.

Сунуш кылынган материалдардан 2012-жылдын 25-ноябрында №4 Батыш шайлоо округу боюнча Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 5 адам добуш берүүгө катышпагандыгы жөнүндө алардын түшүнүк каттары шайлоочулардын паспортторунун көчүрмөлөрү же башка документтери менен ырасталбагандыгы белгиленген. Буга байланыштуу арыз ээлери өзүн көрсөтүп жаткан адам экенин же жоктугун, алар Кызыл-Суу айылдык кеңешинин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп санала тургандыгын же жоктугун аныктоо мүмкүн эмес.

Мындан тышкары, арызга 2012-жылдын 25-ноябрында шайлоо мыйзамдары бузулгандыгы жөнүндө акт тиркелген. Көрсөтүлгөн актынын участкалык комиссияда жана аймактык шайлоо комиссиясында (АШК) катталган белгиси жок.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешинин №4 Батыш көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлер Т.Сулайымбековдун, Р.К.Байдолтовдун, М.С.Иманалиевдин, Б.Ж.Жакыпалиевдин, К.А.Мамыркановдун арызынын негизинде Жети-Өгүз АШКнын 2012-жылдын 28-ноябрындагы №59 чечими менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн катышуусунда №3189 шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын добуштарын кайталап саноо чечими кабыл алынган.

Ырастаган документтердин жоктугуна жана берилген арыздын негиздүүлүгүнө байланыштуу Жети-Өгүз АШК 2012-жылдын 29-ноябрындагы №65 чечими менен АШКнын 2012-жылдын 28-ноябрындагы №59 протоколу күчүн жоготту деп табылган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6-беренесин, 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1, 2, 26-пункттарды жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ЧЕЧТИ:

1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешинин №4 Батыш көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлер Т.Сулайымбековдун, Р.К.Байдолтовдун, М.С.Иманалиевдин, Б.Ж.Жакыпалиевдин, К.А.Мамыркановдун арызында көрсөтүлгөн талаптарды канааттандыруудан баш тартылсын.

2.Бул чечимдин көчүрмөсү Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн жана арыз ээлерине берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

      

ТӨРАГА                                                                    Т. АБДРАИМОВ

            Бишкек ш., 2012-жылдын 6-декабры