Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынан бардык финансылык операцияларды өз мөөнөтүндө аяктоого мүмкүнчүлүк жоктугу жөнүндө келип түшкөн арыздарга байланыштуу  “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөтү 2011 –жылдын 4- ноябрынын  саат 18ге чейин узартылсын.

2. Бул чечим “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын контролдук – текшерүү тобунун жетекчиси А. Т. Асаналиевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                   Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2011-жылдын 1-ноябры