Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы …

06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2012-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттыкка 13 (он үч) талапкерден: Д.Б.Иманалиевден, М.А.Исмаиловдон, К.Т.Тюлегеновдон, С.К.Кыдыралиевден жана башкалардан арыз келип түштү, анда алар «2012-жылдын 25-ноябрында Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын одоно бузуулар тууралуу» Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) 2012-жылдын 28-ноябрындагы №39 чечимин жараксыз деп табууну жана Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды болуп өткөн шайлоону анык деп таанууну өтүнгөн.

Сунуш кылынган материалдардан 2012-жылдын 23-ноябрында Ысык-Көл АШК №3026 участкалык шайлоо комиссиясына (УШК) акт боюнча 2 290 (эки миң эки жүз токсон) даана шайлоо бюллетенин өткөрүп бергендиги белгиленген.

2012-жылдын 25-ноябрында добуш берүү башталаар алдында саат 7-00дөн 8-40ка чейин №3026 УШК шайлоо бюллетендерин эки сыйра эсептеп чыкканда биринчи жолу – 9 бюллетень, экинчи жолу 7 бюллетень кем экендиги аныкталган. Шайлоо бюллетендерин кайра эсептөө процессине Ысык-Көл АШКнын мүчөсү Т.И. Кашлакова жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Р.Ж. Кайыкова катышкан. АШКнын мүчөсү Т.И. Кашлакованын жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Р.Ж. Кайыкованын сунушу боюнча УШКнын мүчөлөрү байкоочулар менен макулдашып, добуш берүү процессин баштаган.

Добуш берүү убактысы аяктагандан кийин, №3026 УШКда шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөдө 2 290 бюллетень табылган.

Мындан тышкары, №3026 шайлоо участкасында добуш берүү процессинде башка адамдар үчүн добуш берүү, бул участкада шайлоочулардын тизмесине кирбеген адамдарга шайлоо бюллетендерин берүү фактылары орун алган, бул УШКнын мүчөлөрүнүн түшүнүк каттары менен ырасталат.

Добуш берүү учурунда шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир эткен укук бузуулар, ошондой эле «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 5-бөлүгүндөгү 1- жана 2-пункттарга ылайык добуш берүүнүн жыйынтыктарын ишенимдүүлүк менен белгилөөгө мүмкүндүк бербеген укук бузуулар орун алгандыгына байланыштуу Ысык-Көл АШК №3026 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын укукка ылайыктуу түрдө жараксыз деп тапкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6-беренесин, 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1, 2, 26-пункттарды жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ЧЕЧТИ:

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттыкка талапкерлер Д.Б. Иманалиевдин, М.А. Исмаиловдун, К.Т. Тюлегеновдун, С.К. Кыдыралиевдин жана башкалардын арызында көрсөтүлгөн талаптарды канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Бул чечимдин көчүрмөсү Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн жана арыз ээлерине берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

 

            Бишкек ш., 2012-жылдын 6-декабры