ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин
3-бөлүгүнө, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4-пункттарына,  18-беренесинин 11-бөлүгүнө,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  10-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Бишкек шаардык кеңешке алдыдагы шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧТИ:

1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө боюнча ишти 2012-жылдын 25-июнуна чейинки мөөнөттө бүтүрсүн.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңешке шайлоолорду даярдоо боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын ишине көмөк көрсөтүү үчүн тийиштүү шаардык кызматтардын адистеринен турган жумушчу топ түзсүн жана анын жумушун камсыз кылсын.

3. Бул чечим “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                          Т. АБДРАИМОВ 

            25.06.2012