ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы” коомдук бирикмесинен жана бир катар саясий партиялардын жетекчилеринен 2012-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүүдө “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесинде белгиленген   процедурасы бузулгандыгы тууралу кайрылуусун көңүлгө алуу менен, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42, 43-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1, 2, 3-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ЧЕЧТИ:

1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү процедурасын текшерүүнүн керектиги бар участкалык шайлоо комиссияларынын тизмегин аныктоо сунушталсын.

2.  Бул чечим Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

Төрагалык кылуучу                                                                    Г. Джурабаева

 

Бишкек ш, 2012-жылдын 26 ноябры