ЧЕЧИМ № 19

Шайлоочулардын тизмелерин тактоо процессинде шайлоочулардын санын, шайлоочулардын арыздары жана басмакана таңгагында бюллетендердин санын тактоодо, басмакана берген шайлоо бюллетендеринин жетпей калгандыгынын белгилүү болгондугуна  байланыштуу кошумча 2312 шайлоо бюллетенин берүү өтүнүчү менен Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын келип түшкөн арызынын негизинде, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-бенересиндеги 1-бөлүктүн 2, 15-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 ЧЕЧТИ:

1.  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сактоосунда турган 2312 шайлоо бюллетени Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.

2. Бул чечим «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Т.АБДРАИМОВ 

 

                     Бишкек ш., 2012-жылдын 24-ноябры