№ 23

2016-жылдын 27-мартындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды карап чыгуу боюнча жыйынтыктоочу маалымат жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүү күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин 27 арыз, даттануу жана кайрылуу келип түштү.

Шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна карата арыздар жана даттануулар төмөндөгүдөй укук бузуулардын түрлөрүнө топтолду: шайлоо комиссиялардын чечимдерине жана иш-аракеттерине; шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде жок болушу; шайлоо участкаларында үгүт иштерин жүргүзүү; шайлоочулардын добуштарын сатып алуу; идентификациялоонун техникалык каражаттарынын бузулушунан улам шайлоочуларга добуш берүүгө жол бербөө жана идентификациялоодон кийин чектерди бербей коюу.

Баардык материалдар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда маңызы боюнча каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан 11 арыз, даттануу жана кайрылуу боюнча негиздүү жооптор жөнөтүлгөн, 13 боюнча добуш берүү жолу менен чечимдер кабыл алынган, калган 3 арыз жумушчу тартипте каралууда, кырдаалдарды жана далилдерди аныктоо үчүн 2 даттануу боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөн.

«Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-38, 41-43-беренелеринин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын карап чыгуу боюнча маалымат кабыл алынсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                     Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 11-апрель 2016-жыл

№ 23