№ 16 Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө

Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча документтерди иликтөө жана текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 15-сентябрындагы №59/к буйругу менен БШКнын мүчөсү Н. Ашимов менен укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти С. Адылов командировкага жиберилген.

Жерине барып Т. Кожокуловдун өздүк делосундагы материалдардын иликтөөсү, айыл өкмөтүнүн башчысына каттоо учурунда  анын талапкерлиги “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинде бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келгендигин көрсөткөн.

Ошондой эле, сот жокко чыгарган Кара-Буура АШКнын 2014-жылдын 5-июнундагы Т.А. Кожокуловду Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы тууралуу №41 чечими аймактык шайлоо комиссиясынын иш-кагаздарында катталбагандыгы жана АШК ушул маселе боюнча отурум өткөрбөгөндүгү жана көрсөтүлгөн чечимди кабыл албагандыгы аныкталган.

БШК аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмү тарабынан алынган алгачкы материалдарда Кара-Буура АШКнын бир дагы чечими жок болуп, бирок сот тарабынан каралган АШКнын чечиминин реквизиттерине шайкеш келген чыгыш реквизиттер коюлган маалымдама кат орун алган.

Сот иштердин материалдардын иликтөөсү, соттогу материалдардын арасында АШКнын чечиминин судья тарабынан мөөр менен тастыкталган көчүрмөсү бар экендиги, АШКда чечимдин түп нускасынын жок болгондугу аныкталган. Ошол эле учурда, АШКнын чечиминин көчүрмөсүндө, Э. Бекташевдин арызын сотто кароодо Кара-Буура АШКнын өкүлү болгон, АШКнын төрагасынын кызмат ордун мурда ээлеген У. Бекботоевдин колтамгасы гана коюлган.

АШКнын төрагасы жумушчу топ келгенге чейин төраганын ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшыруу жөнүндө арызын жазган.  Кара-Буура АШКнын жана жумушчу топтун чакыруусуна көңүл бурган жок. АШКнын мүчөлөрү, сот тарабынан каралган Кара-Буура АШКнын чечими, алар тарабынан кабыл алынган эместигин жана каралбагандыгын ырастап жатышат.

Материалдарды текшерүү жана иликтөө процессинде, Кара-Буура райондук соту добуш берүү күндөн кийин шайлоо талаш-тартыштары боюнча арызды кароого алууга укугу жок болчу жана  ошол эле учурда
Т.А. Кожокуловдун уюмдардын, мекемелердин жана чарбалык субъектилердин жетекчилик кызматтарындагы 12 жыл 3 ай мезгилди түзгөн эмгек стажысын эсепке албай, зарыл эмгек стажысын туура эмес деп аныктап чечим кабыл алган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине жана жумушчу топтун Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча маалымкатынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кара-Буура АШКнын төрагасынын кызмат ордун мурда ээлеген У. Бекботоевге жана Талас облусунун Кара-Буура районунун судьясы М.Ш. Чокоевге карата материалдар жөнөтүлсүн.

 

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П.Баженовго жүктөлсүн.

 

 

         ТӨРАГА                                                            Т. АБДРАИМОВ