№ 161 Нарын облусунун Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 10-ноябрындагы №18 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын  (мындан ары-АШК) 2015-жылдын 10-ноябрындагы №18 чечимин карап чыгуу жана бекитүү боюнча өтүнүчү, ошондой эле  Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер К.Жумабаевдин шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерге депутаттык мандаттарды туура эмес өткөрүлүп берилгендиги тууралуу арызы түшкөн.

К.Жумабаев өз арызында, чүчүкулак  туура эмес өткөрүлгөндүгү жана ал  тизмеде биринчи катталгандыгына байланыштуу, кийинки депутат болууга тийиш экендиги тууралуу Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына бир нече жолу кайрылгандыгын билдирген.

К.Жумабаевдин арызында баяндалган баардык фактылардын ар тараптуу иликтөөсүнүн жана талдоосунун негизинде, Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын чечим кабыл алуусу “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  62- беренесине карама-каршы болгондугу аныкталган, себеби чүчүкулак, талапкерлер бир күндө катталган фактысы аныкталган учурда өткөрүлөт. Мындан тышкары, чүчүкулак тартуунун кезектүүлүгү аныкталбастан жалпы алынган жол-жоболордун бузулушу менен өткөрүлгөн.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18–беренесин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 – беренесин  жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

                                     ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Ат-Башы АШКнын 2015-жылдын 10-ноябрындагы  №18 чечими жокко чыгарылсын. Чүчүкулак өткөн жок деп табылсын.

2. Бул чечимдин көчүрмөсү Ат-Башы АШКсына жана арыз ээсине жөнөтүлсүн.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                   А. ШАЙЫМКУЛОВА 

 

Бишкек ш., 20 ноябрь 2015-жыл

№ 161