№ 134 «Ата Мекен» социалисттик саясий партиясына эскертүү берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Бүтүн Кыргызстан – Эмгек» саясий партиясынан кайрылуу келип түштү. Анда мындай деп жазылган: 28-сентябрда саат 23:50дө КТРК теле каналынан «Бүтүн Кыргызстан-Эмгек» саясий партиясынын лидери А.Мадумаровдун аброюна жана ар намысына шек келтирген видео сюжет көрсөтүлгөн.
Көрсөтүлгөн видеосюжеттин негизинде “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” саясий партиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн бузулгандыгы жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин сакталышын контролдоочу Жумушчу топ тараптан аныкталган “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясы тараптан шайлоо алдыдагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 

  1. «Ата Мекен» социалисттик саясий партиясынын шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө эрежелерди бузгандыгы үчүн эскертүү берилсин.
  2. «КТРК» телеканалынын шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө эрежелерди бузгандыгы үчүн эскертүү берилсин. 
  3. Чечимдин көчүрмөсү «Ата Мекен» социалисттик саясий партиясына жөнөтүлсүн.
  4. Чечимдин көчүрмөсү «КТРК» телеканалына жөнөтүлсүн.
  5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
  6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин сакталышын контролдоочу Жумушчу топтун жетекчиси Н.А.Ашимовго жүктөлсүн.


 

ТӨРАГА                                                               Т. АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш. «1»  октябрь 2015-жыл

№ 134