Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 27.05.2015 № 10 Автоматтык эсептөөчү үкөктөрдү сатып алуу …

27.05.2015 № 10 Автоматтык эсептөөчү үкөктөрдү сатып алуу тууралуу келишим түзүү

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы N 109 “Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө” Жарлыгынын 5.2 пунктун, 2014 - жылдын 25-апрелиндеги Улуттук Кеңештин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын 1 пунктун, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7- беренесинин 1 - бөлүгүнүн 2, 30 – пунктарын жүзөөгө ашырууда жана 2015-жылдын 24-апрелинде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө"Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” жаңы конституциялык Мыйзамдын күчүнө кириши менен шайлоо процессинде инновациялык технологияны киргизип шайлоочулардын добушун эсептөөдө автоматтык эсептөө үкөгүнөн  (мындан ары-АЭҮ) алынган маалыматтарды корголгон байланыш каналдары аркылуу БШК борбордук серверине берүү каралган. 

Кыргыз Республикасынын ар бир шайлоо участкаларын АЭҮ менен камсыз кылуу үчүн 4000 ге жакын АЭҮ жабдыктары керек.

Эл аралык кызматташуу боюнча кореялык агенттигинин (КOICA) долбоорунун негизинде,кореялык тарап 6 млн. АКШ доллар эсебинде  гранттык жардам берүүдө,алар төмөндөгүлөр:

- республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларына өткөрүп берүүчү түзүлүштөгү 710 комлект АЭҮ;

- эл аралык үлгүдөгү эки комплект сервердик жабдуулар менен жаңылоо үчүн сервердик жайды кайрадан куруу(жаңылоо);

- шайлоочулардын добуштарын эсептөө жана маалыматтарды БШКнын борбордук серверине жөнөтүү үчүн программа менен камсыздоо;

- коопсуздук тутумун камсыздоо;

- кабыл алынган жабдыктарды пайдаланууну окутуу.

Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги гранттык негизде, эл аралык кызматташуу боюнча кореялык агенттиги (КOICA) аркылуу жалпы суммасы  600 миң АКШ доллар эсебинде 206 даана АЭҮ комплект берүүдө.

Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн эки долбоор аркылуу 916 даана АЭҮ комплект берилүүдө.

Кореялык грант эсебинен каралган 100 даана АЭҮ комплектиси Кыргыз Республикасына келип, 2015-жылдын 17-майындагы Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу сыноосу ийгиликтүү өттү.

АЭҮ жакшы натыйжаларды берүү менен бирге шайлоочуларга, талапкерлерлерге жана байкоочу тараптарга да ишеним жаратты. Мындан сырткары АЭҮнү сыноодо кээ бир техникалык өзгөчөлүктөр пайда болуп, кореялык тарапка АЭҮнүн программасындагы кемчиликтерди жоюу каралды.

Эл аралык донорлор берген АЭҮ интеграцияланган жана сервердик жабдуулар менен тыгыз байланышта.

Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен кошумча 2900 комплект жабдуусун сатып алуу керек.

Жогорудагы айтылгандарга таянып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу көрсөтүлгөн иш чаралардын өз убагында аткарылышы үчүн убакыттын тардыгы жана инновациялык технологияны пайдаланып алдыда боло турган шайлоону өткөрүүнүн саясий маанилүүлүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосун даярдоо жана өткөрүү үчүн кореялык тараптан кошумча АЭҮкомплектисин алууга келишим түзүлсүн.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, шайлоо процессинде инновациялык технология Моделин ишке ашыруу боюнча КР БШКнын жумушчу тобунун жетекчиси Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                    Т.АБДРАИМОВ

 

27 - май 2015 жыл

№ 10