Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 21.05.2013 ЧЕЧИМ №9 №ГД-723/13-и-4 иш боюнча Ысык-Көл облусунун …

21.05.2013 ЧЕЧИМ №9 №ГД-723/13-и-4 иш боюнча Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун 2013-жылдын 11-майындагы чечимине көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттануу жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Ж.И.Маданбековага, К.К.Токонбаевге, К.А.Солтонбаевге, К.Ш.Джээнтаевге, К.Т.Тажикановго, У.К.Айдаралиевге, Т.К.Айылчиевге, Т.Т.Буржуевге, Э.Т.Сыдыковго Бостери айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерликке каттоодон баш тартуу жагынан Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – АШК) 2013-жылдын 6-майындагы чечимин Ысык-Көл райондук соту 2013-жылдын 11-майындагы чечими менен жараксыз деп тапкан (жокко чыгарган) жана АШКны көрсөтүлгөн талапкерлерди каттоого милдеттендирген.

Ысык-Көл райондук сотунун көрсөтүлгөн чечими Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) таламдарын козгогондугуна байланыштуу, Ысык-Көл АШК Борбордук шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 59 токтомун аткаруу үчүн талапкерлерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарган, бирок соттун чечиминде АШК «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесин колдонду деп көрсөтүлгөн. Иш жүзүндө, көрсөтүлгөн Мыйзамдын 39-беренеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан колдонулган. Көрсөтүлгөн жарандарды депутаттыкка талапкер катары каттоого АШКны милдеттендирүү боюнча Ысык-Көл райондук сотунун чечиминин бөлүгү шайлоо процессине кийлигишүү болуп саналат, аны жүзөгө ашырууга контролдук кылуу Борбордук шайлоо комиссиясына жүктөлгөн.

Соттун чечимине мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө Ысык-Көл АШК көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанган эмес. Буга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясынын таламында Ысык-Көл райондук сотунун чечимине жалпы негиздерде берилген ишеним каттын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Р.Б.Бекбасаров тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атынан Жогорку сотко даттанылган.

Баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин 343-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ЧЕЧИМ КЫЛДЫ:

 

1. №ГД-723/13-и-4 иш боюнча Ысык-Көл райондук сотунун 2013-жылдын 11-майындагы чечимине көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттануу Борбордук шайлоо комиссиясынын таламында деп табылсын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Р.Б.Бекбасаровго бул иш боюнча көзөмөл өндүрүшүнө катышууну улантууга ишеним билдирилсин.

2. Көзөмөл даттанууларына кол коюу жана аларды берүү боюнча 2012-жылдын 31-декабрындагы №03-1/13-981 ишеним каты боюнча жана №ГД-723/13-и-4 иш боюнча Ысык-Көл райондук сотунун 2013-жылдын 11-майындагы чечимине Борбордук шайлоо комиссиясынын даттануусу боюнча көзөмөл өндүрүшүнө катышууну улантуу үчүн Р.Б.Бекбасаровдун ыйгарым укуктары ырасталсын.

3. Бул чечимдин көчүрмөсү Ысык-Көл АШКга жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жөнөтүлсүн.

4. Бул чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                             Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 21-майы