ЧЕЧИМ №2

Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 3-апрелиндеги №2 чечимин жокко чыгаруу жагынан Кочорбаев Уланбек Сапарбековичтин 2013-жылдын 5-апрелиндеги арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 11-мартындагы №31 токтомун эске алып жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесин жана 53-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ЧЕЧИМ КЫЛДЫ:

1. Кочорбаев Уланбек Сапарбековичтин арызын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 23-январындагы №1 протоколу түрүндө таризделген жана токтом деп аталган ошол эле датадагы №1 чечими жокко чыгарылсын.

3. Бул чечимдин көчүрмөсү Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Т.АБДРАИМОВ

Бишкек шаары, 2013-жылдын 9-апрели