Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 28.09.2017 №87 «Демократия жана жарандык коом үчүн» КБнын …

28.09.2017 №87 «Демократия жана жарандык коом үчүн» КБнын 2017-жылдын 23-сентябрындагы кир. № 01-13/2313 арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары –Борбордук шайлоо комиссиясы) «Демократия жана жарандык коом үчүн» КБ (мындан ары-арыздануучу) 2017-жылдын 23-сентябрында кир. № 01-13/2313 арызы менен кайрылган.
Арыздануучу 2017-жылдын 21-сентябрында Байтик баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде КР ИИМ ПМББнын кызматкери өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен автотранспорт өтүүчү жолду эки тарабынан жаап, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун үгүт плакаттары бар автомашиналарды гана өткөрө баштаганын, муну менен жолдо узун тыгын жаратканын көрсөткөн.  
Буга байланыштуу арыздануучу КР ИИМ ПМББнын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүсүн коштоо жана кол кабыш кылуу максатында пайдалануу түздөн түз административдик ресурсту колдонуу болуп саналат деп эсептейт
Арыздануучу муну менен «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 22-беренесинин 15-бөлүгү бузулду деп эсептейт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун жоопкерчилигин кароону, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер                                    С.Ш. Жээнбековго шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин бузууга жол берилбестиги жөнүндө эскертүүнү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо алдындагы үгүткө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларын тартууга жол берилбестиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дарегине кайрылуу кабыл алууну өтүнгөн.
«Демократия жана жарандык коом үчүн» КБнын өкүлү А. Азимов Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында өзүнүн арызда келтирилген далилдерин жана талаптарын колдогон.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун Борбордук шайлоо комиссиясындагы өкүлү                          Р.Б. Бекбасаров арызда көрсөтүлгөн автожүрүш Афган жана Баткен окуяларынын ардагерлери тарабынан уюштурулганын жана «Аки пресс» МАга макала бергенин, ага ылайык ардагерлер тынчтык күнүн өткөрүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна                                   С.Ш. Жээнбековдун талапкерлигин колдоого алышаарын билдиришкенин түшүндүргөн. Ошондой эле ал үгүт материалы деп эсептелгендерден Сооронбай Жээнбеков деп жазылган желектер гана болгонун көрсөткөн.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун Борбордук шайлоо комиссиясындагы өкүлү Р.Б. Бекбасаров ардагерлер Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун штабына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна С.Ш. Жээнбековдун талапкерлигин колдоону каалашары жөнүндө маалымат менен кайрылышканын жана аларга желектерди берүүнү өтүнүшкөнүн билдирген. Талапкердин штабы Афган жана Баткен окуяларынын ардагерлерине кайра кайрып берүү өтүнүчү менен желектерди берген, ошондой эле  үгүт жүргүзгөндүгү үчүн акы төлөп берген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун Борбордук шайлоо комиссиясындагы өкүлү                           Р.Б. Бекбасаров ошондой эле ар кандай автожүрүш  КР ИИМ ПМББнын кызматкерлери тарабынан коштоолууга тийиш экенин түшүндүргөн.
Тараптарды угуп жана материалдарды изилдеп чыгып Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.
«Тынч чогулуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 – беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык ички иштер органдары зарыл болгондо тосуу, тынч чогулуштун катышуучуларын коштоо, транспорт кыймылынын каттамдарын жабуу же өзгөртүү, жол белгилерин коюу жол-жоболорун жүзөгө ашырат.
Конституциялык Мыйзамдын 43-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5 абзацынын негизинде мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат. Арыздар (даттануулар) жүйөлүү болуп, аларга негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.
Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузууну тастыктаган далилдердин жоктугуна байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы «Демократия жана жарандык коом үчүн» КБнын арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө бүтүмгө келди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 14.06.2017-ж. №154 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу тобу жөнүндө» Жобонун 3-главасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Демократия жана жарандык коом үчүн» КБнын арызын канааттандыруудан - баш тартылсын.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимди аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси Н.Т. Ариповго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 28-сентябры
№ 87