Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 28.09.2017 №86 «Демократияжана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын2017-жылдын …

28.09.2017 №86 «Демократияжана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын2017-жылдын 23-сентябрындагы (кириш № 01-13/2312) арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына(мындан ары –Борбордук шайлоо комиссиясы) «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБ(мындан ары –арыз ээси) 2017-жылдын 23-сентябрындагы (кириш № 01-13/2312)арыз менен кайрылды.
Арызда Ош областынын Өзгөн шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун Өзгөн районунун шайлоочулары менен жолугушуусу өткөнү көрсөтүлгөн.
Арыз ээси талапкер тарабынан бул иш-чарага 18 жашка толо элек жарандар, атап айтканда,А. Навои атындагы орто мектептин окуучулары, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тартылды деп көрсөтүлгөн, аталган арызга видеоматериалдарды тиркеген. Андан ары арыз ээси бул иш-чаранын учурунда райондун бардык социалдык жана башка мамлекеттик мекемелери иштеген жок (толук иштеген жок), бул массалык кезекке турууга жана калк арасында нааразычылыкка алып келди деп ырастайт.
Ошондой элеарызда «окуу процессинин учурунда орто мектептерди айрым окуучулары парталарда олтурду, ал эми башкалары стулдарды ташып, машиналарга жүктөдү жана аларды стадионго жеткиришти. Мындан тышкары, бул иш-чаранын учурунда мектептердин окуучулары талапкердин сүрөтү бар желекчелерди булгалап басып жүрүштү, ошону өзү менен массовканы түздү» деп көрсөтүлгөн.
Арыз ээси ошентип, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары –конституциялык Мыйзам) 22-беренесинин 15-бөлүгү бузулду деп эсептейт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун жоопкерчилигин кароону, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековго шайлоо алдындагы үгүтжүргүзүү эрежелерин мындан ары бузууга жол берилгистиги жөнүндө эскертүүнү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дарегине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусун кабыл алууну өтүнөт.
«Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнынөкүлдөрү А.Адилов, У.Дастан уулу, Н.Ульяноважана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун өкүлдөрү Р.Бекбасаров,Ж.Сманбаева,У.Дооталиев катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу тобунун отурумунда арыз ээси берген фото- видео материалдар иликтенди. Узактыгы бир нече секунда болгон видеодо арызда көрсөтүлгөн фактыларды ырастаган сүрөттөр жок болгон, ошондой эле арыз ээси берген фотосүрөттөрдө парталарда олтурган мектеп окуучулары, ошондой эле стадиондо жайгашкан стулдар чагылдырылган.
«Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнынөкүлү У.Дастан уулу берген далилдер, Жумушчу топтун пикири боюнча, арызда баяндалган фактыларды ырастай алган эмес.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү У.Дооталиев бул материалдарды прокуратура органдары изилдеген жана жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө документтин көчүрмөсүн берген, ага ылайык мыйзамды бузуулар табылган эмес деп түшүндүрдү. Ошондой элеыйгарым укуктуу өкүл үгүт иш-чараларын өткөрүү үчүн стулдарды ижарага алуу жөнүндө келишимди көрсөттү, 250 даана ижарага алынган.
Конституциялык Мыйзамдын 43-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-абзацына ылайык, мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат. Арыздар (даттануулар) жүйөлүү болуп, аларга негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.
Арызда баяндалган фактыларды ырастаган далилдер жоктугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы«Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын арызын канааттандыруудан баш тартты. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабга шайлоо процесстерине билим берүү мекемелерин, мектеп окуучуларын тартууга жол бербөө максатында билим берүү мекемелеринеконтролдукту камсыз кылуу сунушталсын.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 154 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топ жөнүндө» Жобонун 3-главасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ  КЫЛАТ:
1. «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын арызын канааттандыруудан баш тартылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабга үгүт процессине билим берүү мекемелерин тартууга жол бербөө жөнүндө маселе боюнча контролдукту камсыз кылуу сунушталсын.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдооКыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Т. Ариповго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек шаары, 2017-жылдын 28-сентябры
№ 86