Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 24.09.2017 №84 Кыргыз Республикасынын жараны А.Турдукуловдун, Кыргыз Республикасынын …

24.09.2017 №84 Кыргыз Республикасынын жараны А.Турдукуловдун, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т.Бабановдуныйгарым укуктуу өкүлү Э.Ирискулбековдун, «Жарандык платформа» КФнын директору А.Усупбекованын арыздары жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбеков шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын жараны А.Турдукуловдун, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Ирискулбековдун, «Жарандык платформа» КФнын директору А.Усупбекованын арыздары (мындан ары – арыз ээлери) келип түштү.
Өз арыздарында арыз ээлери Сузак районунун Барпы айылында шайлоочуларменен жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековду колдоп диний ишмер, экс-муфтий, Кыргыз Республикасынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов үгүттөө менен сөз сүйлөгөн деп көрсөткөн. Чубак ажы Жалилов диний уюмдун өкүлү болуп саналуу менен «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 22-беренсинин 15-бөлүгүнүн талаптарын бузган, ага ылайык диний уюмдардын өкүлдөрүнө үгүт жүргүзүүгө тикелей тыюу салуу көрсөтүлгөн.
Арыз ээлери диний уюмдун өкүлүн тартуу түрүндө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерС.Ш. Жээнбековдун жоопкерчилигинин кароону, мындан ары шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузууга жол бербөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерС.Ш. Жээнбековгоэскертүүнү, шайлоо алдындагы үгүткө диний уюмдардын өкүлдөрүн тартуунун жол берилгистиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дарегине Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрылуусун (билдирүүсүн) кабыл алууну өтүнөт.
2017-жылдын 22-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.А. Сманбаевадан 20-сентябрда Президенттикке талапкер К.К. Ташиевдин Сузак районунун Барпы айылындагы шайлоочула рменен жолугушуусу болуп өткөнү, жолугушууну Президенттикке талапкер К.К. Ташиевдин штабы уюштургандыгыжөнүндө каты келип түшкөн. Бул иш-чарага Президенттикке талапкер С.Ш. Жээнбеков мейман катары чакырылган жана өткөрүлүп жаткан иш-чаранын планы жөнүндө билген эмес, программа Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековменен макулдашылган эмес жана Президенттикке талапкер С.Ш. Жээнбековдун шайлоо фонду аркылуу финансыланган эмес.
Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу тобунун отурумунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т.Бабановдуныйгарым укуктуу өкүлү Э.Ирискулбеков сөз сүйлөдү, ал өзүнүн арызында баяндалган далилдерди жактады. «Жарандык платформа» КФнынөкүлү М.Орунтаева берилген арызды жактады. Арыз ээси А.ТурдукуловЖумушчу топтун отурумуна келген жок.
Борбордук шайлоо комиссиясынын Шайлоочулардынжана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобунун отурумунун жүрүшүндө «Жарандык платформа» КФнынөкүлү да берилген арызды жактады.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерК.Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Ш.Эркебаев 2017-жылдын 20-сентябрында К.Ташиевдин атасынын үйүндө иш-чара болгонун, анда Чубак ажы Жалилов сөз сүйлөгөнүн түшүндүрдү. Мында К.Ташиевдин өкүлү бул жолугушууну Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерК.Ташиевдин штабы уюштурган жана С.Ш. Жээнбековиш-чарага Чубак ажы Жалиловдун чакырылганынын жагдайы жөнүндө билген эмес деп көрсөттү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Жээнбековдунөкүлдөрү Ж. Сманбаеваменен Р.Б.Бекбасаров арыз ээси таянып жаткан үгүт жүргүзүүгө тыюу салуу конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык диний уюмдардын өкүлдөрүнө каралганын көрсөтөт. Президенттикке талапкер С.Жээнбековдун өкүлдөрү Чубак ажы Жалилов диний уюмдун өкүлү болуп саналбайт деп эсептейт. Алсак, «Аалымдар Кеңеши жөнүндө» Жобого ылайык Аалымдар Кеңешинин өкүлдөрү болуп төрагажана анын орун басарлары саналат. Өз кезегинде Чубак ажы Жалилов Аалымдар Кеңешинин төрагасы да, төрагасынын орун басары да болуп саналбайт жана тиешелүү түрдө ал диний уюмдун өкүлү деп эсептелиши мүмкүн эмес.
Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынан(мындан ары – КМДБ) 2017-жылдын24-сентябрында чыгыш №01-259 доо келип түштү, анда КМДБ «Аалымдар Кеңеши жөнүндө» Жобого ылайыккөрсөтүлгөн уюмдун өкүлү болуп төрага саналат деп көрсөткөн. Чубак ажы Жалилов Аалымдар Кеңешинынтөрагасы болуп саналбайт жана ага Аалымдар Кеңешинин атынан иш алып барууга, анын атынан сөз сүйлөөгө ыйгарым укуктар берилген эмес жана анын көз карашы Аалымдар Кеңешинин көз карашын чагылдырбайт деп көрсөткөн. КМДБнын Уставынын 6-пунктуна ылайык Муфтият КМДБнын жогорку органы болуп саналат, ага Азирет Муфтий башчылык кылат жана ага КМДБнын атынан иш алып барууга ыйгарым укук берилген.
24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда арыз ээлери А.Турдукулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т.Бабановдуныйгарым укуктуу өкүлү Э.Ирискулбеков, «Жарандык платформа» КФнын өкүлү сөз сүйлөдү, алар өз арыздарында баяндалган далилдерди жактады.
Борбордук шайлоо комиссиясы бул иш боюнча материалдарды иликтеп, арыз ээлерин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун өкүлдөрүн угуп, арыз ээлеринин талаптары төмөнкүдөй негиздер боюнча жарым-жартылай канааттандырылууга тийиш экендиги жөнүндө тыянакка келди.
Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар финансылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүттү талапкерлер менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.
Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун Чубак ажы Жалилов сөз сүйлөгөн иш-чараны уюштурууга тиешеси болбогондугун белгиледи. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.Ташиевдиныйгарым укуктуу өкүлү Ш.Эркебаевдин көрсөтүүлөрүнө жана Президенттикке талапкер С.Ш. Жээнбековдун өкүлдөрү Ж.Сманбаеванын жана Р.Б.  Бекбасаровдункөрсөтүүлөрүнөылайык Чубак ажы Жалиловдун сөз сүйлөөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековменен макулдашылган эмес жана талапкердин шайлоо фондуаркылуу финансыланган эмес.
Мында арыз ээлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун Чубак ажы Жалилов сөз сүйлөгөн иш-чараны уюштурууга тиешеси бар экенин ырастаган далилдер берилген эмес.
Жаран Чубак ажы Жалилов сөз сүйлөп жаткан видеодонтөмөнкүлөрдү сөзмө-сөз угууга болот: «Урматтуу элим! Сооронбай Жээнбеков келе тургандыгыжөнүндө Камчыкеден угуп...». Ошентип, бул сөздү ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Жээнбеков жолугушууну уюштуруучу болбогондугунун жана ал гана эмес, иш-чарада жаран Чубак ажы Жалилов сөз сүйлөй тургандыгы жөнүндө билбегендигинин жагдайын ырастап турат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбеков тараптан шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузуулар орун алгандыгы жагынан арыз ээлеринин талаптары ырасталган жок жана С.Ш. Жээнбековго эскертүү чыгаруу жөнүндө арыз ээлеринин талаптары канааттандырылбайт.
Борбордук шайлоо комиссиясынунотурумунун жүрүшүндө К.К. Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Ш.Эркебаев Чубак ажы Жалилов сөз сүйлөгөн иш-чаранын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.Ташиев болуп саналат деп ырастады.
Конституциялык Мыйзамдын 28-беренсинин 9-бөлүгүнө ылайык, талапкер конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды бузган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы аларга бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү жасоого укуктуу.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын14-июнундагы №153 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобонун 2.7-пунктуна ылайык, диний уюмдардын мүчөлөрүжана өкүлдөрү шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүгө укуксуз.
Ч.Жалилов диний уюмдун мүчөсү болуп саналгандыгынынжана Президенттикке талапкер К.Ташиевдин штабынын демилгеси боюнча Президенттикке талапкерлердин бирин колдоп сөз сүйлөгөн иш-чарага чакырылганынын жагдайын эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясы бул аракеттер шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузуу болуп саналат деп эсептейт. Диний уюмдун мүчөсү катары Чубак ажы Жалиловдун жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан каралууга тийиш.
Ошону менен бирге үгүт ишине диний уюмдардын катышуусунун жол берилгистигин, ошондой эле талапкерлер үгүткө диний уюмдардын өкүлдөрүн тартышынын жол берилгистигинбелгилеп, Борбордук шайлоо комиссиясы ушундай аракеттердин жол берилгистиги жөнүндө кайрылуу жасоону зарыл деп эсептейт.
Баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 28-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ   КЫЛДЫ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т.Бабановдуныйгарым укуктуу өкүлү Э.Ирискулбековдун, жаран А.Турдукуловдун, «Жарандык платформа» КФнынарыздары жарым-жартылай канааттандырылсын.
2. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген ченемдерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.Ташиевгежазуу жүзүндөгү эскертүү жасалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген ченемдерди бузгандыгы үчүн Аалымдар Кеңешинин мүчөсүЧубак ажы Жалиловдун жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароо жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузуунун жол берилгистигижөнүндө бардык диний ишмерлерге жана уюмдарга кайрылуу менен кайрылуу сунушталсын.
4. Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузуунун жол берилгистигижөнүндө кайрылуусубардык диний ишмерлерге жана уюмдарга, ошондой эле диний ишмерлерди, диний уюмдардын өкүлдөрүн үгүт ишине тартуунун жол берилгистиги жөнүндө кайрылуусу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна бардык талапкерлерге жөнөтүлсүн.
5. Үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековго карата эскертүү чыгаруу түрүндө чараларды көрүү жөнүндө арыз ээлдеринин талаптарын канааттандыруудан баш тартылсын.
6. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчисиА.Т.Асаналиевге жүктөлсүн.

ПРЕДСЕДАТЕЛЬ                                      Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек шаары, 2017-жылдын24-сентябры
№ 84