Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 20.09.2017 №81 Кыргыз Республикасынын жарандары Н.В. Полунинанын жана …

20.09.2017 №81 Кыргыз Республикасынын жарандары Н.В. Полунинанын жана Е.В.Кучерявыхтын даттануусу жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2017-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 19-статьясынын талаптарын бузуу жөнүндө Н.Полунинадан жана Е.Кучерявыхтан арыз келип түштү.
Берилген даттанууларда арыз ээлери Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т.Бабановдун баннер түрүндөгү үгүт материалдарында алар катышкан фотосүрөттөр жайгаштырылган деп көрсөткөн. Арыз ээлери алар катышкан сүрөттөр алардын макулдугу болбостон үгүт материалы катары колдонулганына нааразычылыктарын билдирет. Даттанууда арыз ээлери фотосүрөт 2 жыл мурда Кыргыз Республикасынын Көзкарандысыздык күнүнүн урматына туу көтөрүү аземинде тартылган деп ырасташат.
Өз даттануусунун талаптарында арыз ээлери Борбордук шайлоо комиссиясынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановго жазуу жүзүндө эскертүүнү жана аны республика боюнча илинген арыз ээлеринин сүрөтү бар үгүт баннерлерин алып салууга милдеттендирүүнү өтүнгөн.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топ жана Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топтор) 2017-жылдын 15-августунда биргелешкен отурумда берилген даттанууларды карап чыкты.
Арыз ээсинин далилдерин объективдүү кароо жана иликтөө, аларга баа берүү максатында Жумушчу топтордун отурумуна арыз ээлери жана ага карата даттануу берилген Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Б. Ирискулбеков чакырылды. Арыз ээлеринин атынан ишеним кат боюнча Кыргыз Республикасынын жараны Е.А.Сыдыкова өкүлчүлүк кылды.
Жумушчу топтор отурумда арыз ээлеринин өкүлү Е.А. Сыдыкованы, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Б.Ирискулбековду угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык, граждандык карым-катнашка катышуучулардын укуктук абалы граждандык мыйзамдар менен жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 19-статьясына ылайык, кандайдыр-бир адамдын жарыяланган сүрөтүн (картина, фото сүрөт, кино фильм жана д.у.с.) бул адамдын макулдугусуз жарыялоого жана таратууга эч кимдин укугу жок. Сүрөттү жарыялоо жана таратуу соттун, алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын талабына байланыштуу болгон учурларда, сүрөткө тартуу же башкача жол менен сүрөтүн алуу көпчүлүк жүргөн жерде болгон кезде, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда мындай макулдук талап кылынбайт.
Эгерде сүрөттөгү адам акы үчүн сүрөткө түшсө, анын сүрөтүн жарыялоого жана таратууга ал адамдын макулдугу суралышы мүмкүн.
Ошентип, фотосүрөттөгү, баннердеги, баракчадагыжана плакаттагы айрым адамдын сүрөтүн пайдалануунун укукка ылайыктуулугу жөнүндө маселе сот тартибинде жарандык-укуктук жөнгө салуу чөйрөсүнө таандык.
Тиешелүү түрдө, арыз ээси бузулган жарандык укуктарды калыбына келтирүү үчүн сот органдарына кайрылууга тийиш.
Баяндалганга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы арыз ээлеринин укуктары сот тартибинде корголууга тийиш деген тыянакка келди.
Баяндалгандардын негизинде жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топ жөнүндө» Жобонун 2.7-пунктун, «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топжөнүндө» Жобонун 4.1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Н.В.Полунинанын жана Е.В.Кучерявыхтын даттануусу канааттандырбастан калтырылсын.
2. Арыз ээлерине Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т.Бабановдун үгүт материалдарында алардын сүрөттөрүн пайдалануу жөнүндө маселени чечүү үчүн жарандык тартипте сот органдарына кайрылуу сунушталсын.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек шаары, 2017-жылдын 20-сентябры
№ 81