Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 28.04.2021 №74 «Айкѳл Кыргызстан» саясий партиясынын арызы жѳнүндѳ …

28.04.2021 №74 «Айкѳл Кыргызстан» саясий партиясынын арызы жѳнүндѳ (21.04.2021-жыл, кир. №01-14/1379)

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

«Айкѳл Кыргызстан» саясий партиясынын арызы жѳнүндѳ

(21.04.2021-жыл, кир. №01-14/1379)

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) шайлоо бюллетендерин кол менен саноону ѳткѳрүү, ал эми «Кыргызстан Элдик-демолкратиялык партиясы» (мындан ары –КЭДП) саясий партиясынын референдумдагы добуштарын анык эмес деп эсептѳѳ жѳнүндѳ, анткени бул шайлоочулар референдумга катыша алышмак эмес деген «Айкѳл Кыргызстан» саясий партиясынын тѳрагасынан арыз келип түшкѳн.

2021-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) жыйынында сунуш кылынган материалдарды ар тараптуу иликтѳѳ максатында “КЭДП” саясий партиясынын тѳрагасы Б. Керимбеков (оффлайн түрүндѳ катышты) чакырылган.

Арыз ээси «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесине таянуу менен референдумга катышуу эркин болуп саналарын жана добуш берүү ыктыярдуу экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочу ѳз эрк-мүдѳѳсүн билдирүүдѳ референдумга катышуу тууралуу чечимди эркин кабыл ала тургандыгы жѳнүндѳ участкалык шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнѳ түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгѳ тийиш экендигин кѳрсѳттү.

«Айкѳл Кыргызстан» саясий партиясынын тѳрагасын угуп, арызды жана сунуш кылынган материалдарды карап чыккандан кийин тѳмѳндѳгүлѳр аныкталды.

2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамы менен 2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындалган.

Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын тѳрагаларына 2021-жылдын 11-апрелинде №02-15/403 чыгыш менен циркулярдык кат жѳнѳткѳн, катта добуш берүү үчүн шайлоочу ким экендигин тастыктаган документти кѳрсѳтүп, идентификациялоочу жабдуу аркылуу биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоодон ѳтѳ тургандыгы маалымдалган. Идентификациядан ѳткѳндѳн кийин шайлоочу эки чек (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана КР референдуму) басылып чыгып, шайлоочуга берилет.

Шайлоочу чекти (чектерди) бюллетенге алмаштырат. Мында шайлоочу добуш берүүнү каалабаган чек шайлоо комиссиясынын мүчѳсүнүн алдында жок кылынат.

«Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 3-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык «Жаранды референдумга катыштырууга же катыштырбоого мажбурлоо максатында эч кимдин таасир тийгизүүгө укугу жок. Жарандын өз эркин билдирүүсүн контролдоого таптакыр тыюу салынат. Референдумдун жүрүшүндө эч ким өз пикирлерин жана ынанымдарын билдиришине же андан баш тартышына мажбурланышы мүмкүн эмес».

Конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык «Аймактык шайлоо комиссиясы участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыгын төмөнкү учурларда жараксыз деп тааныйт:

1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө учурунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын так белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар орун алса;

2) эгерде добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө учурунда, референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүгө таасир тийгизүүчү бузуулар орун алса;

3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;

4) соттун чечими боюнча».

Ушуга байланыштуу референдум (бүткүл элдик добуш берүү) эркин шайлоолор сыяктуу эле эл бийлигин түздѳн-түз чагылдыруу болуп саналарын белгилейбиз.

Конституциялык Мыйзамдын 3-беренесине ылайык «Референдум төмөнкү принциптердин негизинде өткөрүлөт:

1) референдумга катышуу эркин болуп саналат;

2) добуш берүү ыктыярдуу жана жашыруун болуп саналат жана жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жүзөгө ашырылат;

3) референдумдун ар бир катышуучусу бирден добушка ээ».

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 35-37 -беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Айкѳл Кыргызстан» саясий партиясынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги арызын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Асаналиевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2021-жылдын 28-апрели

№ 74