Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 12.08.2017 №46 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер …

12.08.2017 №46 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.Р. Карасартованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү А. Рыскулованын, Ж. Орозбекованын даттануусу жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары- Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.Р. Карасартованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү А. Рыскулова, Ж. Орозбековадан шайлоо укуктарынын бузулушу жөнүндө даттануу келип түшкөн. 

Өзүлөрүнүн арызында алар Борбордук шайлоо комиссиясынан төмөнкүлөрдү суранышкан:

  1. талапкер көрсөтүлгөндөн учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланганга чейин “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык талапкерлер үчүн тең укуктуу шарттарды сактоону камсыз кылып берүүнү;
  2. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган талаптарды сактабагандыгы үчүн С.Ш. Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кылып каттоодон баш тартууну.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ 2017-жылдын 10-августунда берилген даттанууну маңызы боюнча карап чыкты.

А. Рыскулованын жана Ж. Орозбекованын даттануусун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүлөрдү белгилейт:

Арыз ээлеринде кызматтык иш сапарлардын учурунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу, ЖМКны колтамга чогултууну жүргүзүү максатында пайдалануу боюнча далилдери жок. Арыздан көрүнүп тургандай, тиркемелер жок. 

2011-жылдын 2-июлундагы № 68 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык (мындан ары- конституциялык Мыйзам), Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий, администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеп турган же жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген, каттоого алынган талапкерлер каттоодон өткөн учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат орундук же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турушат.

Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди каттоо жөнүндө чечим конституциялык Мыйзамда каралган шарттарды сактоо менен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынат.

Демек, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган  учурдан тартып талапкер болуп катталды деп эсептелет.

Өз кезегинде Жээнбеков С.Ш. Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн башкарат. Ушундан улам, Жээнбеков С.Ш. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн учурда иштеп жаткан башчысы катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган  өзүнүн кызматтык жана функционалдык милдеттерин аткарып жатат. 

БШКнын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен  бекитилген Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароонун тартиби жөнүндө Жобонун 1.6. 1.7 пункттарына ылайык, арыздар (даттануулар) жүйөлүү болушу керек жана алар негизделген далилдер менен кошо берилүүгө тийиш.  

Арыз ээлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Ш. Жээнбековдун өзүнүн кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдалангандыгы боюнча далилдер берилген эмес, конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин бузулушу аныкталган жок. 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароонун тартиби жөнүндө” Жобонун 1.7. пунктун,  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топ жана  Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун биргелешкен чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.Р. Карасартованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү А. Рыскулованын,
Ж. Орозбекованын даттануусун канааттандыруудан баш тартылсын. 

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси А.Т. Асаналиевге жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                         Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2017 жылдын 12-августу

№ 46