Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 09.08.2017 №44 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер …

09.08.2017 №44 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер О.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Б. Ирискулбековдун шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө даттануусу тууралуу

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер О.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Б. Ирискулбековдон, кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (конституциялык Мыйзам) 28-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптары бузулгандыгы тууралуу 2017-жылдын 3-августунда кир. № 01-12/1550, № 01-12/1551 эки арыз келип түшкөн.
Өз даттануусунда арыз ээси «chagylgan.kg» сайт тарабынан 2017-жылдын 2-августунда «Рабочая партия Курдистана Бабановду каржылашы мүмкүнбү?..» деген аталыштагы жарыяланган материал, 2017-жылдын 3-августунда «tikenek.org» сайт тарабынан «Рабочая партия Курдистана» Бабановду кантип каржылап баштаган?..» деген аталышта кайрадан басылып чыгарылган. Көрсөтүлгөн материалдарда О.Т. Бабановду, анын шайлоо өнөктүгү Туркия тарабынан террористтик уюм деп табылган уюм каржылайт деп күнөөлөгөн. Ошондой эле жарыяланган материалдар Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер О.Т. Бабановго карата социалдык, расалык, улуттук көрө албастык жана касташууга чакырыктарды камтыйт. 
Мындан тышкары, 2017-жылдын 31-июлунда «argument.kg» сайты тарабынан «Омурбек Бабанов тил комиссиясын канчага сатып алды?» деген аталыштагы материал жарыялаган, 2017-жылдын 1-августунда «gezitter.org» сайты ушул эле материалды расмий тилде жайгаштырган. Бул материалда О.Т. Бабановду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрүн паралап сатып алган деп күнөөлөгөн.

Өз даттанууларында арыз ээси Борбордук шайлоо комиссиясын жогоруда көрсөтүлгөн материалдарды чындыкка жатпайт жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер О.Т. Бабановдун абийирине, ар-намысына же ишкер беделине алдын ала шек келтирген жалган материал деп табууну, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн сайттардын редакциялардын интернет түйүндөрүндө жайгаштырылган О.Т. Бабановго тиешелүү материалдарды, төгүндөөлөрдү жарыялоо менен алып салууну милдеттендирүүнү өтүнгөн. Мындан тышкары, «chagylgan.kg» сайтынын аккредитациясын чакыртып алууну жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына көрсөтүлгөн сайттардын кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен юридикалык баа берүүнү тапшырууну суранган. 
Э.Б. Ирискулбековдун даттанууларын карап чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.
Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2,5-бөлүктөрүнө ылайык, шайлоо алдында үгүт жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги кыянат пайдаланууга жол берилбейт: улуттук, этностук, расалык, диндик, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды, басмырлоолорго, кастыкка чакырууларды үгүттөөгө; же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү зомбулук менен өзгөртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын; согушту үгүттөөгө; башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн пайдалануу менен фото- жана көрмө материалдарды пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянат пайдалануунун башка тариздерине тыюу салынат. Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, башка жактар, шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишкер беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөө жарыялоого же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө түшүндүрмө жарыялоого милдеттүү. Төгүндөө же түшүндүрмө атайын рубрикада же болбосо жооп берилип жаткан маалымат басылган тилкеде, ошондой арип менен мезгилдүү басылманын кийинки санында, ал эми телекөрсөтүү же радио боюнча чыгып сүйлөөгө төгүндөө же түшүндүрмө - төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн кийинки чыгарылышта берилет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 4-июлундагы № 201 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарды жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө” жобосунун 24, 25-пункттарына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобонун талаптарын бузган учурда жалпыга маалымдоо каражаттын, интернет-басылманын бардык өкүлдөрүнүн аккредитациясын чакыртып алууга укуктуу. Жалпыга маалымдоо каражаттын, интернет-басылманын жана/же алардын өкүлдөрүнүн аккредитациясын чакыртып алуу жөнүндө чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алат. Чечим жүйөлүү, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына шилтемелерди камтууга тийиш.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 4-июлундагы № 201 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарды жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө” жобосунун 24, 25-пункттарын, конституциялык Мыйзамдын 28-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин сактоону контролдоо боюнча жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер О.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Б. Ирискулбековдун даттануусундагы «chagylgan.kg» интернет-басылманын аккредитациясын чакыртып алуу бөлүгү канааттандырылсын.
2. «chagylgan.kg» интернет-басылманын аккредитациясы чакыртып алынсын.
3. «chagylgan.kg», «tikenek.org», «argument.kg», «gezitter.org» интернет-басылмаларга тиешелүү бардык түшкөн материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Кыргыз Республикасынын УКМКсына юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                      Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 9-августу
№ 44