№35 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен Рене Холенштайнди сыйлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен Рене Холенштайнди сыйлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо системасынын реформалоосуна Швейцария Өкмөтү жана жеке  Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Рене Холенштайн зор салымдарын кошкондугуна байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Рене Холенштайн сыйлансын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Абдрахматовага жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 28 июнь 2017 ж. 
№ 35