Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 26.09.2024 №284 № 13 Сузак шайлоо окуругу боюнча …

26.09.2024 №284 № 13 Сузак шайлоо окуругу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер М. Кошалиевдин жана А. Кылычбаевдин шайлоо мыйзамдарын бузгандыктарына карата Ю.В. Лилиенталдын арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

№ 13 Сузак шайлоо окуругу боюнча Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер М. Кошалиевдин жана А. Кылычбаевдин шайлоо мыйзамдарын бузгандыктарына карата Ю.В. Лилиенталдын арызы 2024-жылдын 25-сентябрында  Кыргыз Республикасын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы)  келип түштү.

Арыз берүүчү Ю.В. Лилиенталь өзүнүн арызында № 13 Сузак шайлоо окуругу боюнча депутаттыкка талапкер  Алтынбек Кылычбаевге карата төмөнкүлөрдү көрсөткөн:

 1. Талапкер А. Кылычбаевдин үгүттөөчүсү катары жалпы билим берүү мекемесинин окуу бөлүмүнүн башчысы расмий жол-жоболоштурулган; 

2. № 2008 участкада жергиликтүү кеңештин депутаты Гүлмира Маматова № 13 Сузак шайлоо окуругу боюнча депутаттыкка талапкер  Алтынбек Кылычбаевдин байкоочусу болгон;  

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлер менен жолугушуу жөнүндө шайлоочуларга маалымат беришкен эмес, жыйналыштарды жана жарандар менен жолугушууларды уюштурууда талапкерлерге эч кандай көмөк көрсөтүшкөн эмес, талапкер
А. Кылычбаевге  гана иштешкен жана көмөк көрсөтүшкөн;

4. Үгүт иш-чаралары Аскар-Атада мечиттин маңдайында өткөрүлгөн;

5. Арызда Сузак РИИБнин маалыматтарды эсепке алуу журналында катталган  бузуулар жөнүндө 5 иштин номерлери көрсөтүлгөн;

6. Сузак районунун жарандары шайлоонун өтүшү жөнүндө кабарландырылган эмес жана чакыруу билдирмелерин алышкан эмес, көптөгөн чакыруу билдирмелерин көчөгө ыргытып ташташкан.  

2024-жылдын 26-сентябрында Арыздарды жана даттанууларды кароо, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) жыйналышы болуп өттү. Ага арыз берүүчү Ю.В. Лилиенталь, талапкер А. Кылычбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү, округдук шайлоо комиссиясы жана Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Т.М. Досов,  Сузак районунун ИИБ начальнигин орун басары К.И. Калыков жана ИИМ тергөөчүсү Э.А. Аширбаев видеоконференс байланыш менен катышты.

1) Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Э.Д. Беков өз сөзүндө ырасында эле Н. Исакова № 13 Сузак шайлоо окуругу боюнча депутаттыкка талапкер  А. Кылычбаевдин үгүттөөчүсү болуп саналаарын түшүндүрдү.

Кызмат көрсөтүү тууралуу келишим  Н. Исакова менен финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан түзүлгөн. 

 2) Жумушчу топтун жыйналышынын жүрүшүндө чынында  эле добуш берүү күнү Гүлмира Маматова талапкер А. Кылычбаевдин байкоочусу болгондугу ырасталды.

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 Жарлыгына ылайык Гүлмира Маматова жергиликтүү кеңештин депутаты болуп саналбайт. 

3) Арыздын 3-пункту боюнча округдук шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жыйналыштарды жана жарандар менен жолуугушууларды уюштурууда Сузак шайлоо округу боюнча бардык талапкерлерге көмөк көрсөткөндүгүн белгиледи.  

Алсак, 2024-жылдын 7-сентябрынын тартып 14-сентябрына чейин графикке ылайык 7 айылдык округда жана Көк-Жаңгак шаарында 8-жолугушуу уюштурулган. 

4) Арыздын 4-пункту боюнча Жумушчу топтун жыйналышынын жүрүшүндө видеороликти көрүүнүн жыйынтыктары боюнча үгүт иш-чаралары талапкер А. Кылычбаев тарабынан ырасында эле мечитке жакын жерде өткөрүлгөндүгү белгиленди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык: «Ибадат кылуу имараттарына, курулмаларына жана аларга тиешелүү аймактарга, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштөрү бар объекттерге, электр станцияларга, темир жолдорго, мунай куурларга жана жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларына, пенитенциардык тутумдун объекттерине, саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдардын ичинде жана уюмдарга жакын жерлерде (аралыгы 100 метрден аз) үгүт иш-чараларын жүргүзүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт».

Ушуга байланышуу Жумушчу топ талапкер А. Кылычбаевдин аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренеси менен каралган укук бузуулардын белгилери бар деп эсептейт.

5-пункт боюнча ар бир иш боюнча укук коргоо оргадарынын өкүлдөрүнүн маалыматтары угулду.

 5) 6-пункт боюнча Жумушчу топ жарандардын шайлоого катышуусу үчүн бардык шарттарды түзүү, ошондой эле аларды маалымдоо максатында №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунда 2024-жылдын 22-сентябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо жөнүндө билдирмелер   БШК тарабынан даярдалгандыгын жана шайлоочуларга берилгендигин арыз берүүчүгө түшүндүрдү.

Арыз берүүчү Ю.В. Лилиенталь  өзүнүн арызында № 13 Сузак шайлоо окуругу боюнча депутаттыкка талапкер  Мелис Кошалиев тарабынан да шайлоо мыйзамдарын бузуулар болгондугун көрсөткөн.  

Өзүнүн арызында Лилиенталь № 13 Сузак шайлоо окуругу боюнча депутаттыкка талапкер М. Кошалиевдин үгүттөөчүлөрү үгүт материалдарын Кызыл-Жардагы мечиттин аймагында таратылгандыгын көрсөткөн.

Жыйналыштын жүрүшүндө видеороликти көрүүнүн жыйынтыктары боюнча Жумушчу топ үгүт материалдары талапкер М. Кошалиевдин үгүттөөчүлөрү тарабынан ырасында эле мечиттин аймагында таратылгандыгын белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык: «Ибадат кылуу имараттарына, курулмаларына жана аларга тиешелүү аймактарга, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштөрү бар объекттерге, электр станцияларга, темир жолдорго, мунай куурларга жана жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларына, пенитенциардык тутумдун объекттерине, саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдардын ичинде жана уюмдарга жакын жерлерде (аралыгы 100 метрден аз) үгүт иш-чараларын жүргүзүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт».

Ушуга байланышуу Жумушчу топ талапкер М. Кошалиевдин аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренеси менен каралган укук бузуулардын белгилери бар деп эсептейт.

 Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 41 токтому менен бекитилген Укук бузуулар жөнүндө иштерди шайлоо комиссиясы тарабынан кароонун тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып,   

Кыргыз Республикасын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл А.И. Манапбаевди жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А. Кылычбаевди жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн материалдар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына  жиберилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин  65-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М. Кошалиевди жопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн материалдар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына  жиберилсин.

3. 2, 3, 5, 6-пункттар боюнча  Ю.В. Лилиенталдын арызын канааттандыруудан баш тартылсын. 

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси У. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                        

Бишкек ш., 2024-жылдын 26-сентябры

№284