Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 05.06.2017 №25 “Республика” саясий партиясынын Жайыл райондук штабынын …

05.06.2017 №25 “Республика” саясий партиясынын Жайыл райондук штабынын начальниги Г.А.Сарсенбаевдин арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2017-жылдын 2-июнунда “Республика” саясий партиясынын райондук штабынын начальниги Г.А.Сарсенбаевден (мындан ары – арыз ээси) арыз түшкөн.

Арыз ээси өз арызында 11 шайлоо участкаларында добуштарды кайталап эсептөө негиздери жок жана шайлоо мыйзамдарды бузуу менен жүргүзүлгөн, кайталап эсептөө жараксыз бюллетендер боюнча жана 11 шайлоо участкаларында гана жүргүзүлгөн, бардык 17 шайлоо участкалары жана бардык шайлоо бюллетендери боюнча жүргүзүлгөн эмес деп билдирет.

Арыз ээсинин пикири боюнча депутаттыкка талапкерлер участкалык шайлоо комиссиялардын жайларында жүрүп, шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүнө басым кылышкан. Ушуга байланыштуу арыз ээси төмөндөгүлөрдү суранат:

-Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан Кара-Балта шаарынын 11 шайлоо участкалары боюнча 2017-жылдын 1-июнунда жүргүзүлгөн кайталап эсептөөнү жараксыз деп табууну;

-кайталап эсептөөнү жүргүзүү мыйзамдуу болгон учурда, калган бардык участкалык шайлоо участкалары боюнча кайталап эсептөөнү жүргүзүүнү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардан жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынан түшкөн арыз жана даттанууларды кароо боюнча Жумушчу топтун чечими менен арыз канааттандыруусуз калтырылган.

Кызыкдар тараптардын түшүндүрмөлөрүн иликтеп жана угуп, бардык берилген материалдарды баалап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөндөгүдөй жыйынтыкка келди.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордо жана (же) жыйынды таблицаларда каталар, ылайык келбөөлөр табылганда же участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн протоколдордун түзүлүшүнүн тууралыгына күмөн саноо пайда болгондо аймактык шайлоо комиссиясы добуштарды кайтадан эсептөө жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Кайталап эсептөө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн) милдеттүү катышуусунда жүргүзүлөт. Добуштарды кайталап эсептөөдө талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар катышууга укуктуу.

11 шайлоо участкалары боюнча жараксыз шайлоо бюллетендерди кайталап эсептөө “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика” саясий партияларынын арыздары боюнча Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 29-майындагы чечиминин негизинде жүргүзүлгөн.

11 шайлоо участкалары боюнча жараксыз шайлоо бюллетендерди кайталап эсептөөгө  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.Жылкычиева, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар катышкан.   

 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин  12-бөлүгүнүн 2-абзацына ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн натыйжалары боюнча белгиленет.

Жараксыз шайлоо бюллетендерди кайталап эсептөө жүргүзүлгөндө шайлоо мыйзамдардын бузулушу болгон жок, ушуга байланыштуу арыздын  11 шайлоо участкалары боюнча жараксыз шайлоо бюллетендерди 2017-жылдын 1-июнунда жүргүзүлгөн кайталап эсептөөнү мыйзамсыз деп табуу бөлүгү баш тартууга жатат. 

 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык арыздар (даттануулар) шайлоо процессинин субьектисине анын шайлоо укуктары бузулгандыгы, чечимдер кабыл алынгандыгы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалгандыгы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 2 календарлык күндөн кечиктирилбестен берилет.

Ушуга байланыштуу, арыздын бардык участкалык шайлоо комиссиялары боюнча кайталап эсептөөнү жүргүзүү бөлүгү, бул талап боюнча даттануу мөөнөттөрү өтүп кеткендиктен баш тартууга жатат. 

Берилген көрмө-материалдарды иликтөөдө депутаттыка талапкерлер участкалык шайлоо комиссияларга басым кылган деген жүйөлөр тастыкталган жок.

 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык арыз, даттануу жүйөлүү болуп жана алар негизденген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.

Ушуга байланыштуу арыздын, депутаттыка талапкерлер участкалык шайлоо комиссияларынын жайларында болуп, участкалык шайлоо комиссияларына басым кылган деген негиздер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу бөлүгү канааттандыруусуз калтырууга жатат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7, 18-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 12-бөлүгүнүн 2-абзацын, 37-беренесинин 
6-бөлүгүн, 41-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. “Республика” саясий партиясынын штабынын начальниги Г.А. Сарсенбаевдин Кара-Балта шаарынын 11 шайлоо участкалары боюнча 2017-жылдын 1-июнунда жүргүзүлгөн кайталап эсептөөнү жараксыз деп табуу, калган бардык участкалык шайлоо комиссиялары боюнча кайталап эсептөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Асаналиевге жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

2017-жылдын 5-июну

№ 25