Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 30.05.2017 №22 Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү …

30.05.2017 №22 Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Н Эрназаровдун кайрылуусу жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2017-жылдын 25-майында Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (мындан ары –КСДП) ыйгарым укуктуу  өкүлү Ж.Н.Эрназаровдон Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары- Жалал-Абад АШКсы)  төрагасынын аракеттерине баа берүү жөнүндө кайрылуу түшкөн.

Кайрылууда КСДПнын ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Н.Эрназаров, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын талапкери Т.К.Исмановду каттоодо Жалал-Абад АШКсы ырастоочу документинин көчүрмөсүн талап кылбагандыгын көрсөтөт. “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын талапкери Т.К.Исманов биометриялык маалыматтары боюнча Бишкек шаары, Московская көчөсү 101 дареги боюнча катталганын көрсөтөт. 

КСДПнын ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Н. Эрназаровдун пикири боюнча 2017-жылдын 24-майындагы алар көрсөткөн бузуулар боюнча арыз менен Жалал-Абад АШКга кайрылгандан кийин, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы Т.К. Исмановду талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу арткы дата, башкача айтканда 2017-жылдын 18-майында чыгыш номери көрсөтүлбөгөн арыз менен кайрылган.

Ошондой эле, КСДПнын ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Н.Эрназаров Жалал-Абад АШК тарабынан “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын талапкери Т.К. Исмановду партиянын тизмесинен чыгаруу жөнүндө көрсөтүлгөн арызы, алар жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерди каттоодо мыйзамдардын бузулушуна даттанганга чейин келип түшкөндүгү тууралуу далилдер берилбегендигин көрсөтөт.

Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун (мындан ары –Жумушчу топ) чечими менен КСДПнын ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Н.Эрназаровдун даттануусунун “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын талапкери Т.К.Исмановдун документтерин кабыл алууда Жалал-Абад АШКсы тарабынан шайлоо мыйзамдардын бузулушуна жол берилгендиги бөлүгү канааттандырылып, даттануунун калган бөлүгүндөгү талаптарды канааттандыруудан баш тартылган.

Ошондой  эле, Жумушчу топ Жалал-Абад АШКсынын мүчөлөрүнө Жалал-Абад АШКсынын төрагасы Б.М. Турдубаеванын жоопкерчилиги маселесин, ошондой эле Жалал-Абад АШКсынын документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрүнүн шайлоо мыйзамдарды бузууга жол бергендиктери үчүн жоопкерчиликтерин мыйзамдарга ылайык кароону сунуш кылган.

Бардык берилген материалдарды иликтеп жана баалап чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй жыйынтыкка келет.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын, өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлердин паспортторунун көчүрмөлөрүн, иштеген же жашаган жеринен же окуган жеринин маалымкаттарын берет.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин  8-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартууга ушул Мыйзамга ылайык талапкерлердин тизмесин каттоого зарыл болгон документтердин бербөө негиз боло алат.

Ушундан улам, КСДПнын ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Н.Эрназаровдун даттануусунун “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан талапкер Т.К.Исмановдун документтерин кабыл алууда Жалал-Абад АШКсы тарабынан шайлоо мыйзамдарды бузууга жол берген бөлүгү канааттандырууга жатат.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыз же даттануу менен кайрыла алат. Арыз, даттануу жүйөлүү болуп жана алар негизденген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.

Даттануудагы көрсөтүлгөн башка өбөлгөлөр боюнча бузуулар аныкталган жок, далилдер берилген жок.

Ушуга байланыштуу, КСДПнын ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Н.Эрназаровдун  Т.К. Исмановду “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу тууралуу 2017-жылдын 18-майындагы Жалал-Абад АШКсына берген арызы, 2017-жылдын 18-майынан кечирээк дата менен берилгендиги тууралуу даттануусу канааттандыруусуз калтырууга жатат.

Кызыктар тараптар даттанууну кароо датасы жана убактысы жөнүндө тиешелүү түрдө маалымдалган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3,7,18-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 5-бөлүгүн, 53-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,8-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. КСДПнын ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Н.Эрназаровдун даттануусунун Жалал-Абад АШКсы тарабынан “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан талапкер Т.К.Исмановдун документтерин кабыл алууда   шайлоо мыйзамдарды бузууга жол берилген бөлүгү канааттандырылсын, даттануунун калган бөлүгүндөгү талаптар канааттандыруусуз калтырылсын.

2. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына Жалал-Абад АШКсынын төрагасы Б.М. Турдубаеванын жана Жалал-Абад АШКсынын документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрүнүн жоопкерчиликтерин карап чыгуу сунушталсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Асаналиевге жүктөлсүн

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек  ш, 2017-жыл 30-май

№ 22