Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 16.11.2024 № 294 “Адилет” саясий партиясынын арызы жөнүндө …

16.11.2024 № 294 “Адилет” саясий партиясынын арызы жөнүндө (Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2024 –жылдын 11-ноябрындагы №19 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө)

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

“Адилет” саясий партиясынын арызы жөнүндө (Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2024 –жылдын 11-ноябрындагы №19 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө)

 

2024-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК) “Адилет” саясий партиясынан Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары - АШК) 2024-жылдын 11-ноябрындагы №19 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз келип түшкөн.

Арызда 2024-жылдын 11-ноябрында Токмок АШКсы “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын арызы каралгандыгы көрсөтүлгөн, жана анын жыйнтыгы менен “Адилет” саясий партиясынан депутаттыка талапкер Абдинасир кызы Гүлзаданы каттоодон баш тартуу чечими кабыл алынган.

Арыз ээси Токмок АШКнын 2024-жылдын 11-ноябрындагы депутаттыкка талапкер Абдинасир к. Г. каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимин жокко чыгарууну өтүнөт.

Келип түшкөн арызды объективдүү жана ар тараптуу кароо үчүн, 2024-жылдын 15-ноябрында арыздарды жана даттанууларды кароо, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отуруму болуп өттү. Ага Токмок АШКнын төрагасы - Карабаева Г.К. жана “Адилет” саясий партиясынын шайлоо маселелери боюнча ыйгарып укуктуу өкүлү – Тынычбек уулу Улан чакырылган жана алардын билдирүүлөрү угулду.

Жумушчу топтун отурумунда Тынычбек уулу Улан документтериндеги дал келбестиктер тууралуу 2024-жылдын 29-октябрында гана АШК билдирген, башкача айтканда, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн бөлүнгөн мөөнөт аяктагандан бир топ кечиктирилген.

Билдирүүгө жооп катары, кийинки күнү – 2024-жылдын 30-октябрында «Адилет» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Токмок АШКсына 2024-жылдын 29-ноябрындагы №8 кызматтык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө буйругун берген.

Талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдө Токмок АШКнын адистери аймактык статистика башкармалыгынын жетектөөчү адисинин кызматтык милдеттерин убактылуу токтотуу талап кылынбайт деп белгилешкенин арыздануучу кошумча маалымдады.

Ошондой эле Тынычбек уулу Улан Токмок АШКсы кворумдун жоктугунан мыйзамсыз чечим кабыл алганын белгиледи. Ошентип, талапкер Абдинасир кызы Гүлзаданы каттоодон баш тартуу боюнча АШКнын чечимин комиссиянын 7 мүчөсү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 8-бөлүгүнүн ченеми бузуу менен кабыл алган.

Токмок АШКнын маалыматы боюнча чечим “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы берген 2024-жылдын 6-ноябры саат 12:24 деп көрсөтүлгөн видеоматериалдар менен арыздын негизинде кабыл алынган, анда Абдинасир кызы Гүлзада Чүй-Токмок аймактык статистика башкармалыгында жумуш ордунда болгон.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, “Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат, эгер ал төмөндөгүлөрдөн болуп саналса:

1) мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоо, дипломатиялык) карабастан, мамлекеттик кызматчы;

2) муниципалдык кызматчы;

3) жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкери;

4) мамлекеттик же муниципалдык мекеменин жетекчиси.”

2024-жылдын 15-ноябрында Жумушчу топ, Токмок АШК каттоону жокко чыгаруу жана талапкерди “Адилет” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө АШКнын бардык мүчөлөрүнүн катышуусунда кийин 2024-жылдын 13-ноябрында чечим кабыл алынганын аныктаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 15-ноябрындагы отурумунда “Адилет” саясий партиясынын арызын карап чыгып, ошондой эле тараптардын пикирин угуп, төмөндөгү жыйынтыкка келет.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 53-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, “Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин көрсөтүү тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Көрсөтүлгөн текшерүү анын ичинде мыйзамдар менен бекитилген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен жүзөгө ашырылат. Мында шайлоо комиссиясы документтерде талапкерлерди каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган толук эместиктерди жана (же) ылайык келбестиктерди тапса, шайлоо комиссиясы документтер алынгандан кийин 48 сааттын ичинде талапкерге бул ылайык келбестиктер жөнүндө кабарлоого милдеттүү. Саясий партия маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу”.

Ошентип, «Адилет» саясий партиясынын тизмеси боюнча документтерди текшерүүдө Токмок АШК тарабынан документтердин дал келүүсү жөнүндө билдирүү берүүнүн мөөнөттөрүн бузулуп, талапкер Абдинасир к. Г. каттоодон өткөн. «Адилет» саясий партиясы тарабынан Токмок АШКсынын талаптары аткарылган.

Токмок АШКсы талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн Мыйзамда каралган мөөнөттү бузуу менен талапкерди каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алган, ошондуктан бул чечим мыйзамсыз кабыл алынгандыгын белгилөө зарыл.

Ошону менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясы «Адилет» саясий партиясына талапкерлерди жетиштүү түрдө маалымдоо жана тиешелүү документтерди шайлоо комиссияларына өз убагында тапшыруу зарылдыгын көрсөтүүнү максатка ылайык деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык: “Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдары бузулган учурда шайлоо комиссияларынын чечимдерин жокко чыгарууга укуктуу”.

Жогоруда баяндалгандардын  негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарды шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 42-беренесин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын карап чыгышынын тартиби жөнүндө” жобону  жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1.      “Адилет” саясий партиясынын 2024-жылдын 12-ноябрындагы арызы канааттандырылсын.

2.      Токмок АШКнын 2024-жылдын 11-ноябрындагы № 19 чечими жокко чыгарылсын.

3.      Токмок АШКсына, шайлоо мыйзамдарынын талаптарын өз убагында билдирбегендиги жана талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тиешелүү документтерди өз убагында тапшырбагандыгы үчүн “Адилет” саясий партиясына эскертүү берүү - сунушталсын.

4.      Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5.      Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу тобунун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 15-ноябры

№ 294