Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 15.11.2024 № 295 “Адилет” саясий партиясынын арызы жөнүндө …

15.11.2024 № 295 “Адилет” саясий партиясынын арызы жөнүндө ((Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2024 –жылдын 14-ноябрындагы №20 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө)

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

“Адилет” саясий партиясынын арызы жөнүндө

(Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2024 –жылдын 14-ноябрындагы №20 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө)

 

2024-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына  (мындан ары – БШК) “Адилет” саясий партиясынан Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – АШК) 2024-жылдын 14-ноябрындагы №20 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызы келип түшкөн.

Арыз ээси, Токмок АШКсынын 2024-жылдын 14-ноябрындагы чечими менен “Адилет” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо негизсиз жокко чыгарылганын белгилеп, ага байланыштуу өтүнөт: Токмок АШКнын 2024-жылдын 14-ноябрындагы “Адилет” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечимин жокко чыгарууну; «Жаңы Кыргызстан», «Эл биримдиги», «Ынтымак» саясий партияларынын арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө жаңы чечим кабыл алууну; көрсөтүлгөн арызды «Адилет» саясий партиясынын өкүлдөрүнүн катышуусуз каралган Токмок АШКсынын аракеттери мыйзамсыз деп табылуусун.

Келип түшкөн арызды объективдүү жана ар тараптуу кароо үчүн 2024-жылдын 15-ноябрында Арыздарды жана даттанууларды кароо, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отуруму болуп, Токмок АШКнын төрагасы - Карабаева Г.К. жана “Адилет” саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Тынычбек уулу Улан чакырылып, угулду.

Иштин материалдарында, 2024-жылдын 11-ноябрындагы Токмок АШКсынын чечими менен “Адилет” саясий партиясынан Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер мүмкүнчүлүгү чектелген болуп саналган Абдинасир кызы Гүлзаданын каттоосу жокко чыгарылган.

Андан кийин, “Жаңы Кыргызстан”, “Эл биримдиги” жана “Ынтымак” саясий партияларынын арызы боюнча, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамында каралган көрсөтүү тартиби сакталбагандыгы үчүн 2024-жылдын 14-ноябрында Токмок АШКнын №20 чечими менен «Адилет» саясий партиясынын Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жокко чыгарылган.

Жумушчу топтун отурумунда арыз ээси АШКнын чечими бардык жагдайларды изилдебей туруп, “Адилет” саясий партиясынын өкүлдөрүнүн катышуусуз, шашылыш түрдө кабыл алынгандыгы боюнча позициясын билдирди.

Тынычбек уулу Улан, “Адилет” саясий партиясынан Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси сунушталган деп белгиледи, анда талапкер Абдинасир кызы Гульзададан башка дагы эки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, тактап айтканда, 21 жана 29 номери менен талапкерлер Кожомкулова Динара Жумабековна жана Арлиев Рахи Арлиевич болгон. Жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлердин майыптыгы бар экендигин далилдөө үчүн арызга тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү тиркелген, алардын түп нускалары отурумда көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 49-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, “шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмелерин түзүүдө саясий партиялар төмөндөгүлөрдүн өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү:

- 1ден кем эмес талапкер - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар.

Мында саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси көрсөтүлгөн учурдан тартып алынган мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүгө тийиш”.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумөткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө” жобонун 3.6. пункттуна ылайык “арыздарды (даттанууларды) аймактык шайлоо комиссиясы/ Борбордук шайлоо комиссиясы отурумда карайт.

Арызды (даттанууну) кароо күнү, убактысы жана орду жөнүндө төмөнкүлөр милдеттүү тартипте (электрондук почта боюнча, жазуу жүзүндө, телефон байланышы менен) кабарландырылат:

- арыз (даттануу) берген адам жана (же) анын өкүлдөрү;

- чечими, аракети (аракетсиздиги) даттанылып жаткан адам, орган;

- башка таламдаш тараптар жана (же) алардын өкүлдөрү;

- арызды (даттанууну) карап жаткан шайлоо комиссиясында катталган коомдук байкоочулар”.

Токмок АШКсы, “Адилет” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгаруу чечимин, тизме сунушталып жаткан учурда келип түшкөн документтердин негизинде башка майыптыгы бар талапкерлер тууралуу маалымат берилбегендигин эске алуу менен кабыл алган.

Жумушчу топтун отурумунда “Адилет” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинде дагы эки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген талапкерлер бар экени аныкталды.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Адилет” саясий партиясынын арызын карап чыгып, ошондой эле партиялардын пикирин угуп, “Адилет” саясий партиясы тарабынан талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдө Мыйзамга ылайык, 1ден кем эмес талапкер - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын өкүлчүлүгү эске алынган деп эсептейт. Буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы “Адилет” саясий партиясынын аракеттеринде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби бузулганын көргөн жок.

Мындан тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 15-ноябрындагы №294 чечими менен Токмок АШКнын талапкер Абдинасир к. Г. каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечими жокко чыгарылган. Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык: “Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдары бузулган учурда шайлоо комиссияларынын чечимдерин жокко чыгарууга укуктуу”.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы №212 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. “Адилет” саясий партиясынын 2024-жылдын 14-ноябрындагы арызы - канааттандырылсын.

2. Токмок АШКнын 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 20 чечими жокко чыгарылсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Арыздарды жана даттанууларды кароо, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                  Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 15-ноябры

№295