№14 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Республика» саясий партиясынан – Т.А. Сатыбалдиевден жана Р.Д. Сушанлодон түшкөн арыздарына байланыштуу, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 13-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Сатыбалдиев Тойчубай Абдикалиловичтин жана Сушанло Роза Дунларовнанын арыздары канааттандырылсын жана алар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына «Республика» саясий партиясынан талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылсын.

2. Бул чечимдин көчүрмөсү арыз ээлерине берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2014-жылдын 7-октябры

№14