27.11.2021 №1398 №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакиров Өмүрбек Мирзаимовичке карата Ноокат РИИБнин маалыматы жөнүндө

№4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакиров Өмүрбек Мирзаимовичке карата

Ноокат РИИБнин маалыматы жөнүндө

 

2021-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна (мындан ары - ЫЧКТ) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин (мындан ары - КР Жазык кодексинин) 192-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган добуштарды сатып алуу фактысы боюнча Ош облусунун Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн сотко чейинки өндүрүш боюнча № 03-040-2021-001536 маалымат келип түшкөн.

Берилген маалыматка ылайык, 2021-жылдын 7-ноябрында №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Ө. Бакиров Ноокат районунун Жаңы Ноокат айылдык аймагынын Дөң-Кыштак айылындагы Тескей участкасынын тургундары менен өзүнүн агитаторлорунун катышуусунда үгүт иштерин өткөрүп, анда таза суу чыгарууга, жолдорду оңдоого көмөк көрсөтүүнү убада кылды.

2021-жылдын 9-ноябрында талапкер Ө. Бакировдун Жаңы-Ноокат айыл аймагы боюнча штабынын башчысы Х. Гоипов Тескей айылынын №5573 участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Ф. Норматов менен алдын ала макулдашуу боюнча талапкердин 149 500 сомго 30 тонна цементин Синжи-Прим заводунан (Араван району) шофер Н. Сулайманкулов аркылуу кабыл алган.

Тескейликтердин жардамы менен Жаңы-Ноокат айылынын борборунда жайгашкан курулуш материалдар дүкөнүнө цемент түшүрүлүп, анда талапкер Ө. Бакиров тарабынан жол оңдоп-түзөө иштерине жөнөтүлгөнү айтылган. Ушул эле жерден Ф. Норматов Х. Гоиповдун көрсөтмөсү менен тургундарды көрсөтүлгөн талапкерге добуш берүүгө чакырган.

Буга далил катары Х. Гоиповдун Ноокат РИИБнин Жаңы-Ноокат ПОМунун начальнигине жазган каты сотко чейинки өндүрүштүн материалдарына тиркелген, анда 2021-жылдын 22-ноябрь күнү саат 15:00 «Шалдырама» участкасында талапкер Ө. Бакировдун шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн коомдук тартипти сактоого жардам көрсөтүү суранган, анда ал өзүн аппарат жетекчиси катары көрсөткөн.

РИИБнин маалыматында айтылгандай, төгүнгө чыгарылгыс далилдердин негизинде талапкер Ө. Бакировдун Жаңы-Ноокат айыл аймагы боюнча шайлоо штабынын башчысы Х. Гоиповго КР Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгүндө, 192-беренесинин 2-бөлүгү боюнча (шайлоочулардын добушун сатып алууга шериктеш болуу), Тескей айылындагы №5573 УШКнын төрагасы Ф. Норматовго КР Жазык кодексинин 43-беренесинин 1-бөлүгү, 192-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш жасоо жана КР Жоруктар кодексинин 87-1 беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн (административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу) билдирүү жиберилген.

2021-жылдын 22-ноябрында кылмыш иши маңызы боюнча кароо үчүн сотко жиберилип, башка шериктерге карата өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, анын алкагында тергөө иштери уланууда.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча берилген маалыматтарды иликтеп чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөргө келет.

  • Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам) 28-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык:

«Шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочулардын добушун сатып алууга: акча төлөөгө; белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген сатууну жүргүзүү;Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге ылайык талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын символикасын, талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, жоолуктарды кошпогондо, ар кандай товарларды акысыз таркатууга; бекер же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүгө тыюу салынат».

Ош облусунун Ноокат райондук ички иштер бөлүмү тарабынан берилген маалыматка караганда, №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ө. Бакировдун пайдасына добуштарды сатып алуу фактысы аныкталган.

Жогорудагы конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүндө «Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн белгиленген тартибин сактоону контролдойт жана мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт» - деп белгиленген.

Конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык: «Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табууга укуктуу, эгерде шайлоону даярдоо учурунда добуш берүүнү өткөрүүдө, добуштарды эсептөөдө, добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоодо талапкер, саясий партиялар тарабынан добуш берүүнүн натыйжаларын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген же шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир тийгизген бузуулар болгон болсо».

Конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен мыйзам бузуулар катары, анын ичинде шайлоочулардын добушун сатып алуу менен байланышкан мыйзам бузуулар түшүнүлөт.

Ошол эле учурда конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин 8-бөлүгүндө «Талапкер, саясий партия ушул Конституциялык мыйзамда каралган учурларда өз өкүлдөрүнүн мыйзамдардын талаптарын бузууга байланыштуу аракеттери үчүн жоопкерчилик тартат» деп белгиленген.

Ошол эле учурда добуштарды сатып алуу фактысына шектелип, тергөө амалдарынын жүрүшүндө маалымдалган Х. Гоипов менен Ф. Норматов КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ө. Бакировдун өкүлдөрү катары катталган эмес.

Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Ө. Бакировдун шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы боюнча жоопкерчилигин кароону укук коргоо органдары тарабынан тергелип жаткан адамдар менен байланышын аныктоонун жыйынтыгы боюнча кароо максатка ылайыктуу деген тыянакка келет.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-43-37 беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-4-8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралындагы №33 токтому менен бекитилген «Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) ишинин тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Ош облусунун Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн сотко чейинки өндүрүш боюнча №03-040-2021-001536 маалыматы эске алынсын.

2. №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакиров Өмүрбек Мирзаимовичти добуштарды сатып алуу фактылары катталган учурда шайлоо мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени укук коргоо органдары тарабынан тергелип жаткан адамдардын көрсөтүлгөн талапкер менен байланышы такталганда каралсын.

3. Ош облусунун ички иштер башкармалыгы № 03-040-2021-001548 сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөөнүн натыйжалары жөнүндө толук маалыматты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин атка рылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун жетекчиси Т. Шайназаровго жүктөлсүн.


 

ТӨРАГА                                                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
 

Бишкек ш., 2021-жылдын 27-ноябры

№1398