Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 16.11.2021 №1207 №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз …

16.11.2021 №1207 №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Юлия Викторовна Лилиенталга карата ЫКЧТнын маалыматы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

№13 Сузак шайлоо округу боюнча

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Юлия Викторовна Лилиенталга карата

ЫКЧТнын маалыматы жөнүндө

 

2021-жылдын 9-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна (мындан ары - ЫЧКТ) №13 Сузак шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Лилиенталь Юлия Викторовнанын «Instagram» социалдык тармагындагы баракчасында анын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы (№ 90 Манас атындагы, №65 Юнусов А. атындагы, №22 Гайдар А. атындагы) орто мектептерге барары жана окуу китептерин окуучуларга тапшыруусу тууралуу видеоматериалдар активдүү талкууланып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Көрсөтүлгөн видеолордо Сузак районунун орто мектептеринин мектеп директорлору китептерди тапшырганы үчүн Ю. Лилиенталга ыраазылык билдиришкен.

2021-жылдын 9-ноябрында добуштарды сатып алуу фактысынын болушу боюнча бул маалымат Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ю. Лилиенталдын аракеттерин текшерүү жана юридикалык баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн. Бул факты ошол эле күнү Сузак РИИБнин Маалыматты эсепке алуу журналына №02-043-2021-001883 номуру менен катталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ички иштер органдары Ю. Лилиенталь менен маектешип, ал китептерди берүү анын кайрымдуулук акциясы эмес экенин, бирок көрсөтүлгөн жардам Россиялык кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан Сузак районундагы мектептерге берилгендигин түшүндүрдү, мектептер менен бул уюмдун ортосунда келишимдер бар.

Ошондой эле №16 С. Акбаров атындагы мектептин директору А. Нажмиддинов менен маектешип, Ю. Лилиенталь 2021-жылдын апрелинен бери бул мектепте мугалим болуп иштеп, жергиликтүү кеңештин депутаты болгондон кийин китептерди алууда мектепке жардам берүүнү чечкенин айткан.

Ошентип, 2021-жылдын 22-октябрында ал Россия Федерациясынын Ош шаарындагы элчилигинде башка мектептердин (жалпысынан 6 окуу жайдын) директорлору менен биргеликте ар бири 50 даана китеп алып, кийин алты мектептин окуучуларына Ю Лилиенталдын катышуусу менен белекке берилген. Китептерди тапшырганда Ю.Лилиенталь үгүт иштерин жүргүзбөгөндүгү жана шайлоо тууралуу сөз болбогону көрсөтүлгөн. Ушундай эле түшүндүрмөлөрдү башка мектептердин директорлору Г. Юлдашева, А. Сулайманова, Н. Абдувахапова, С. Шамшидинова, И. Асановдор да беришти.

2021-жылдын 10-ноябрында Сузак РИИБ тарабынан бул фактынын негизинде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу номенклатуралык иштердин эсебине чыгаруу чечими кабыл алынган (НД 043-2021-000034).

Мындан тышкары, 2021-жылдын 12-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын ЫЧКТсына Ю. Лилиенталдын баракчасына 2021-жылдын 12-сентябрында Сузак айылынын жашоочуларынын бирине кайрымдуулук кылып, майыптардын коляскасын белекке берүүсү тууралуу видео маалымат түшкөн.

Жогорудагы видеоматериалдардан, Ю. Лилиенталь 2021-жылдын 12-сентябрындагы квитанциясын көрсөтүү менен өзүнүн жеке каражатына бул майыптардын коляскасы сатып алуунун баасы боюнча комментарийлер менен колясканы тапшырганы көрүнөт. Колясканы алган үй-бүлө Ю. Лилиенталга ыраазычылык билдирип, батасын беришет.

2021-жылдын 12-ноябрында бул фактыларды тактоо жана Ю. Лилиенталдын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн бул маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн.

Ошол эле күнү бул факты Сузак районунун ички иштер башкармалыгынын маалымат реестрине №02-043-2021-001901 номуру менен катталган. Ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Ю. Лилиенталь 2021-жылдын сентябрь айынын орто ченинде Достук айылынын тургуну, I-топтогу майып Н.Балтабаевага коляска тапшырганы аныкталган.

Н. Балтабаева суроо учурунда 2021-жылдын 9-сентябрында анын үйүнө жергиликтүү кеңештин депутаты Ю. Лилиенталь келип, өз акчасына майыптар коляскасын сатып алгандыгын айтып, ага кайрымдуулук катары берүүнү каалагандыгын билдирген. Н. Балтабаева ошондой эле 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштери жүргүзүлбөгөндүгүн белгиледи. Ушундай эле түшүндүрмөлөрдү Балтабаеванын кызы М. Мадраимова да берди.

2021-жылдын 13-ноябрында Сузак РИИБи тарабынан бул фактынын негизинде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу номенклатуралык ишке чыгаруу чечими кабыл алынган.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Лилиенталь Юлия Викторовнанын жоопкерчилигин төмөндөгү негиздер боюнча кароо зарыл деген тыянакка келет.

2021-жылдын 29-августундагы №370 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

2021-жылдын 23-сентябрында Ю.В.Лилиенталь Борбордук шайлоо комиссиясына №13 Сузак шайлоо округу боюнча (кир.Л-368) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүнү жазуу жүзүндө билдирген.

2021-жылдын 8-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын №358 чечими менен Ю.Лилиенталь №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталган.

  • Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык: «Шайлоо алдындагы үгүт иштери бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо аяктаган күндөн башталып добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат», башкача айтканда 2021-жылдын 29-октябрынан 27-ноябрына чейин.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык: «Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз».

Ю.Лилиенталдын колясканы тапшырууга байланышкан кайрымдуулук иш-чаралары 2021-жылдын 12-сентябрында, б.а. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалгандан 14 күн өткөндөн кийин болгон.

Ал эми китептерди тапшыруу кадамдары 2021-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин жана Борбордук шайлоо комиссиясы Ю.Лилиенталды депутаттыкка талапкер катары катталгандан кийин, бирок шайлоо алдындагы үгүт иштеринин башталышына чейин болгон. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бул маселени кароодо Ю.Лилиенталь бул китептер анын жардамы менен Россиялык кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн алынганын белгиледи.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул маалыматты ЫЧКТнын реестрине оосуна каттоого негиз болгон 2021-жылдын 12-сентябрындагы жана 26-28-29-октябрындагы видеоматериалдар ушул күнгө чейин активдүү экенин жана аларды өчүрүү чаралары көрүлбөгөнүн аныктады.

Ошону менен бирге, Ю.Лилиенталь тарабынан «Instagram» социалдык тармагындагы бул маалыматтардын мазмунун изилдеп чыгып (6дан ашык видео) Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштери башталганга чейин жарыяланган видеолор маалыматтык таасир этээрин, үгүт иштеринин алкагында шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасирин тийгизет жана бул талапкерди шайлоого салым кошоорун белгилейт.

Белгилей кетсек, Ю.Лилиенталь бул социалдык тармакта кеңири аудиторияга ээ, анын 40 миңден ашык колдонуучусу бар.

Ошентип, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ю.Лилиенталдын аракеттеринен шайлоо дайындалган учурдан тартып кайрымдуулук иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузууларды көрөт.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүндө «Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн белгиленген тартибин сактоону контролдойт жана мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт. Талапкер, саясий партия тарабынан Конституциялык мыйзамдын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптар бузулган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы аларга жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу».

Жогоруда баяндалгандардын негизинде «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 23-28-43-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 3-4-8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралындагы №33 токтому менен бекитилген «Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) ишинин тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Юлия Викторовна Лилиенталга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби бузулгандыгы жөнүндө жазуу түрүндөгү эскертүү берилсин.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун жетекчиси Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 16-ноябры

№1207