Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 10.11.2021 №1158 № 11 Алай шайлоо округу боюнча …

10.11.2021 №1158 № 11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Примов Улан Бердибаевичке карата ЫЧКТнын маалыматы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

№ 11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Примов Улан Бердибаевичке карата ЫЧКТнын маалыматы жөнүндө

 

2021-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна (мындан ары - ЫЧКТ) жаран Равшан Шералиевден №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Примов Улан Бердибаевич боюнча маалымат түшкөн.

Алынган маалыматтарда талапкер У. Примов тарабынан добуштарды сатып алуу сыяктуу шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары көрсөтүлгөн.

Маалым болгондой, У. Примовдун «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасында 2021-жылдын 13-сентябрынан тарта анын өлкөдөгү шайлоо процессинин мезгилинде жасаган кайрымдуулук акциялары тууралуу маалыматтар жайгаштырылып келет. Маалыматтарда У. Примов айыл тургундарынын катышуусундагы салтанаттуу кырдаалда Ош облусунун Алай районундагы Жошолу айылынын тургунуна үйдүн ачкычын тапшырган.

Мындан тышкары, У. Примов өзүнүн маалыматтарында Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу, Сары-Могол, Сары-Таш айылдарындагы балдарга кышкы кийим-кече жана канцелярдык товарларды бөлүштүрүү менен аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө материалдык жардам көрсөтүлгөнүн белгилеген.

Ошондой эле У. Примов салтанаттуу жыйынга катышып, Алай жана Чоң-Алай райондорунун мугалимдерине, сынактын жеңүүчүлөрүнө Ысык-Көлдөгү санаторияга жолдомо жана баалуу сыйлыктарды тапшырганын билдирген. Кара-Суу районунун Мады айылында жана Араван районунун Керме-Тоо айылында мелдештерди өткөрүүдө жеңүүчүлөргө автоунаа жана чет мамлекеттерге барууга сертификаттар тапшырылган.

2021-жылдын 3-ноябрында аталган фактыларды тактоо жана юридикалык баа берүү үчүн ЫЧКТдан бул маалымат Ички иштер министрлигине, №11 Алай ОШКнын ЫЧКТсына жөнөтүлгөн (2021-жылдын 3-ноябрындагы чыг. №23).

2021-жылдын 3-ноябрында Алай РИИБнин маалымат реестрине №02-029-2021-000443 менен катталып, 2021-жылдын 4-ноябрында кылмыш курамынын жана жоруктун жоктугунан улам номенклатуралык ишке эсептен чыгаруу боюнча процессуалдык чечим кабыл алынган.

Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясы мындай процессуалдык чечим кабыл алынганына карабастан, Facebook социалдык тармагындагы мындай маалыматтар жана сүрөттөр шайлоо алдындагы үгүт иштеринин алкагында шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эте турган маалыматтык эффектке ээ жана бул талапкерди шайлоого жардам бериши мүмкүн экенин белгилейт.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер У. Примовдун жоопкерчилигин төмөнкү негиздер боюнча кароо зарыл деген тыянакка келет.

2021-жылдын 29-августундагы №370 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган.

2021-жылдын 12-октябрында (кир. № П-525) У. Примов Борбордук шайлоо комиссиясына №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети тууралуу жазуу жүзүндө билдирген.

2021-жылдын 24-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын №752 чечими менен Примов Улан Бердибаевич №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталган.

  • Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 28-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык: «Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укугу жок».

Ошону менен бирге, конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык: «Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоонун мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда аяктайт», б.а. 2021-жылдын 29-октябрынан 27-ноябрына чейин.

У. Примов аттуу колдонуучунун «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчаларын изилдөөдө анын кайрымдуулук иштери тууралуу маалыматтар жана сүрөттөр ЫЧКТнын каттоосуна аталган маалымат катталган күнү өчүрүлгөнү аныкталган.

Жогорудагыларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер У. Примовдун аракеттеринен шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин жана тартиби боюнча мыйзам бузууларды көрөт.

Ошентип, У. Примовдун аракеттеринде шайлоо дайындалгандан баштап кайрымдуулук иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүдө көрсөтүлгөн төмөнкүдөй мыйзам бузуулар байкалат.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүндө «Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн белгиленген тартибин сактоону контролдойт жана мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт. Талапкер, саясий партия тарабынан Конституциялык мыйзамдын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптар бузулган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы аларга бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу» экени айтылат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 23-28-43-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 3-4-8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралындагы №33 токтому менен бекитилген «Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) ишинин тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Примов Улан Бердибаевичке шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби бузулгандыгы жөнүндө жазуу түрүндөгү эскертүү берилсин.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун жетекчиси Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 2021-жылдын 10-ноябры

№1158