Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 09.11.2024 № 293 “Социал-демократтар” - саясий партиясынын арызы …

09.11.2024 № 293 “Социал-демократтар” - саясий партиясынын арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

“Социал-демократтар” - саясий партиясынын арызы жөнүндө

(2024-жылдын 4-ноябрындагы № 31/2 БАШКнын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө.)

 

2024-жылдын 7-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК) «Социал-демократтар» саясий партиясынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары - БАШК) 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 31/2 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз келип түшкөн.

БАШКнын 2024-жылдын 4-ноябрындагы чечими менен “Социал-демократтар” саясий партиясына үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин жана тартибин бузгандыгы, тактап айтканда Instagram социалдык тармагындагы партиянын “Social_demokrats2024” расмий баракчасында 18 жашка чейинки балдардын катышуусу менен фото/видео материалдарды үгүт иш-чараларында пайдалангандыгы үчүн жазуу жүзүндө эскертүү берилген.

2024-жылдын 9-ноябрында арыздарды жана даттанууларды кароо, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отуруму болуп, ага БАШКнын төрагасы - Б.Коңуров жана «Социал-демократтар» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү - Б.Т. Абдыкеримов чакырылып, угулду.

Б.Т. Абдыкеримов бул социалдык тармактардагы пост 2024-жылдын 15-январында «Социал-демократтар» партиясынын Бишкектин Куйручук көчөсүнүн жашоочулары менен жолугушуусунда жарыяланганын түшүндүрдү.

Б.Т. Абдыкеримовдун пикирине ылайык сөз болуп жаткан үгүт материалдарындагы балдардын “шайлоо процесстерине эч кандай тиешеси жок”.

БАШКнын пикирине ылайык, социалдык тармактарда жарыяланган видеоматериалдар үгүт материалдары болуп саналат, ошол себептен үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин жана тартибин бузуу болуп саналат.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык 18 жашка толо элек адамдар үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укуксуз.

Жумушчу топтун жыйынында “Социал-демократтар” саясий партиясынын үгүт материалдары (гезиттери) каралды, көрсөтүлгөн үгүт материалдары шайлоо өнөктүгү учурунда Бишкек шаарынын тургундарына таратылып, ар кандай кырдаалда балдардын көптөгөн сүрөттөрүн камтыган.

Мындан тышкары, «Социал-демократтар» саясий партиясынын үгүт материалдарын кароодо чет мамлекеттин жаранынын сүрөтүн колдонуу дагы аныкталган.

2024-жылдын 9-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясы, бардык таратптардын катышуусу менен арызды карап чыгып, “Социал-демократтар” саясий партиясынын үгүт материалдарында балдардын сүрөттөрүн кеңири, кээде туура эмес (балдарга белектерди таратуу) колдонуу бар деп эсептейт.

Жумушчу топ аныктагандай, сүрөттөр балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугусуз жарыяланган, бул бузуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 19-беренесине ылайык: Кандайдыр-бир адамдын жарыяланган сүрөтүн (картина, фото сүрөт, кино фильм жана д.у.с.) бул адамдын макулдугусуз жарыялоого жана таратууга эч кимдин укугу жок. Сүрөттү жарыялоо жана таратуу соттун, алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын талабына байланыштуу болгон учурларда, сүрөткө тартуу же башкача жол менен сүрөтүн алуу көпчүлүк жүргөн жерде болгон кезде, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда мындай макулдук талап кылынбайт.

Ушуга байланыштуу БШК үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелеринин жана жол-жобосунун талаптары сакталбагандыгы жөнүндө БАШКнын чечиминин негиздүүлүгүн белгилейт.

Сөз сүйлөгөн Б.Абдыкеримов “Социал – демократтар” саясий партиясы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы боюнча АШКнын чечимине макул экенин түшүндүрдү.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22, 42-беренелерине ылайык «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы №212 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. БАШКнын 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 31/2 чечими күчүндө калтырылсын.

2. «Социал-демократтар» саясий партиясынын арызын канаттандыруудан баш тартылсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Арыздарды жана даттанууларды кароо, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                   Н.ШАЙЛДАБЕКОВА         

Бишкек ш.,   2024-жылдын 9-ноябры

№293