№172

28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы №88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.

№28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 108 шайлоо участогу түзүлгөн.

Округдагы шайлоочулардын тизмесине 160 044 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 57 677 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 36,04% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 48 506 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 30,31% түздү.

9 171 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 5,73% түздү.

№ 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 16 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 16 талапкер катышты.

№ 28 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Усенова Эльмира Валентиновна  – 3 015 добуш (5,28%);

2. Түлөбаев Балбак Зарлыкович – 4 297 добуш (7,53%);

3. Жунушбаева Рахат Мырзабековна – 6 724 добуш (11,78%);

4. Абдымамбетова Мунара Байсымаковна – 728 добуш (1,28%);

5. Малиев Арсланбек Касымакунович – 1 766 добуш (3,09%);

6. Сагынаев Болот Турусбекович – 9 254 добуш (16,21%);

7. Онгоев Нурлан Асылбекович – 1 003 добуш (1,76%);

8. Кокулов Эрулан Калчороевич – 11 619 добуш (20,35%);

9. Исмаилов Муратбек Кубанычбекович – 5 279 добуш (9,25%);

10. Жолдошбеков Эралы Жолдошбекович – 220 добуш (0,39%);

11. Жунушалиева Мээрим Кубанычбековна – 1 383 добуш (2,42%);

12. Дороев  Азамат Кубанычбекович – 5 774 добуш (10,12%);

13. Ибраев Саматбек Кулукеевич – 1 640 добуш (2,87%);

14. Оморова Айнур Самыйбековна – 1 911 добуш (3,35%);

15. Асанакунова Жылдыз Жартыевна – 624 добуш (1,09%);

16. Кемелов Акыл Канатбекович – 978 добуш (1,71%);

17. “Баарына каршы” – 867 добуш (1,52%).

№ 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко  жалпы 3 арыз (даттануу) келип түштү.

Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

Кабыл алынган чечимдер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-dosrochnyh-vyborah-deputatov -zhogorku- kenesha-kr- naznachennyh- na- 30noyabrya- 2025-goda/).

№ 28 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37,
64-беренелерине ылайык “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

- Кокулов Эрулан Калчороевич;

- Сагынаев Болот Турусбекович;

- Жунушбаева Рахат Мырзабековна.

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 7-декабры

172