№16

Панфилов, Ак-Талаа, Өзгөн, Кара-Суу, Кадамжай, Баткен жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:

  1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:

.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 11-февралындагы № 1 Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;

.Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 10-февралындагы № 1 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга жана Баетов айылдык кеңештери боюнча;

.Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 10-февралындагы № 3 Ош облусунун Өзгөн районунун Салам-Алик жана Баш-Дөбө айылдык кеңештери боюнча;

.Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 4 Ош облусунун Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңеши боюнча;

.Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 12-февралындагы № 5 Баткен облусунун Кадамжай районунун Молдо Нияз айылдык кеңеши боюнча;

– Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 1 Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңеши боюнча;

2) Катталган талапкерди жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдер.

– Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 11-февралындагы № 2 Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;

 Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 10-февралындагы № 3 Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши кеңеши боюнча;

– Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 10-февралындагы № 3 Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңеши жана Э. Иманалиев айылдык кеңеши боюнча.

3) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

 Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 10-февралындагы №1 Чүй облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга жана Баетов айылдык кеңештери боюнча;

 Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 10-февралындагы № 4 Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылдык кеңеши боюнча;

 Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 4 Ош облусунун Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңеши боюнча;

 Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 12-февралындагы № 6 Баткен облусунун Кадамжай районунун Молдо Нияз айылдык кеңеши боюнча;

– Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 1 Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңеши боюнча.

4) Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 11-февралындагы № 2 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11-бөлүгүнүн негизинде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңеши боюнча бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечим.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, катталган талапкерди жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдерин бекитет.

Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

 Панфилов, Ак-Талаа, Өзгөн, Кара-Суу, Кадамжай жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

 Панфилов, Өзгөн жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими 2-тиркемеге ылайык;

 Панфилов, Ак-Талаа, Өзгөн, Кара-Суу, Кадамжай жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.

2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.

3. Панфилов, Ак-Талаа, Өзгөн, Кара-Суу, Кадамжай жана Баткен аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.

4. Ушул чечим “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                              Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 16-февралы

№ 16