№149

Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15, 31-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнө, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 31-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жɵнүндɵ жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 3-августундагы №154 “Шайлоочуларды идентификациялоонун тартиби жөнүндө нускама тууралуу” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 497 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын тизмелери маселелери боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 5-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 121 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 3-августундагы № 154 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды идентификациялоонун тартиби жɵнүндɵ нускамага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

3. Ушул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинде жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
 

Тɵрага Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 19-ноябры

№ 149