Айрымаймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине келип түшкөн талапкерлердин документтерин кароо боюнча жумушчу топтун 2026-жылдын 13-октябрындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 28-сентябрындагы жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Ысык-Ата, Аламүдүн, Майлуу-Суу, Ноокен, Таш-Көмүр, Базар-Коргон, Чаткал, Ала-Бука, Токтогул, Түп, Каракол, Ак-Суу, Жумгал, Талас шаардык, Талас аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан талапкерлер тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 16-октябры
№ 124