“Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарын тоскоолдуксуз ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, майыптыгы бар шайлоочуларды бирдиктүү эсепке алууну жана шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүк инфратүзүмүнө мониторинг жүргүзүүнү автоматташтыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 22, 27, 29, 33-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 9-октябры
№ 119