Айрымаймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине келип түшкөн документтерди кароо боюнча жумушчу топтун 2026-жылдын 22-сентябрындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 11-августундагы жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Баткен, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Араван, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Ак-Талаа, Жумгал, Ат-Башы, Нарын, Нарын шаардык, Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас, Кант, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан талапкерлер 1-тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Москва жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлер 2-тиркемеге ылайык киргизилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 30-сентябры
№ 117