Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 30.04.2021 №80 Талапкерлер Э.А., Бейшебаевдин, Ч.Ш. Шабралиевдин, Р.А. …

30.04.2021 №80 Талапкерлер Э.А., Бейшебаевдин, Ч.Ш. Шабралиевдин, Р.А. Чыналиевдин, Д.К. Султанбаевдин, М.Т. Эгембердиевдин арыздары жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Талапкерлер Э.А., Бейшебаевдин, Ч.Ш. Шабралиевдин, Р.А. Чыналиевдин, Д.К. Султанбаевдин, М.Т. Эгембердиевдин арыздары жѳнүндѳ

(кир. № 01-12/1399, № 01-12/1400, № 01-12/1401,

№ Б-193, №Ч-193, 25.04.2021-жыл)

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2021-жылдын 25-апрелинде Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Боо-Терек аыйлдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Талапкерлер Э.А., Бейшебаевден, Ч.Ш. Шабралиевден, Р.А. Чыналиевден, Д.К. Султанбаевден, М.Т. Эгембердиевден талапкер Кубанычбеков Абдыбаказ Советбековичке карата арыздар келип түшкѳн.

Даттанууда арыз ээлери А.С. Кубанычбеков Талас облусундагы Бакай-Ата райондук сотунун 2019-жылдын 30-апрелинде ѳкүмү, Талас облустук жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча сот коллегиясынын 2019-жылдын 29-июлундагы ѳкүмү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2019-жылдын 17-декабрындагы токтому менен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320, 329-беренелеринин белгилери боюнча күнѳѳлүү деп таанылганын кѳрсѳткѳн.

Ушуга байланыштуу арыз ээлери А.С. Кубанычбековдун соттуулугу жоюла электигин жана жергиликтүү акеңештин депутаттыгына талапкер болууга укугу жок экендигин билдиришкен. Ошондуктан арыз ээлери чара кабыл алып, талапкер А.С. Кубанычбековдун каттоосун жокко чыгарууну суранган.

Мындан тышкары, арыз ээлери талапкерлер Молтоев Руслан Алтымышовичтин, Бегалиев Тынчтык Белековичтин, Кожокулова Ажарбубу Узеновнанын соттуулугу бар же жок экендигин тактоону, ошол талапкерлердин соттуулугу тастыкталган учурда аларды жоопко тартууну суранган.

Арыздарда кѳрсѳтүлгѳн бардык шарттарды аныктоо үчүн Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ)2021-жылдын 27-апрелиндеги жыйынына арыз ээлери жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – Бакай-Ата АШК) тѳрагасы Б. Чукотаев чакырылган.

Арыз ээлеринин ѳкүлү Ж.Ж. Иманалиев талапкердердин арызын толук колдоду жана талапкер А.С. Кубанычбековдун каттоосун жокко чыгарууну суранды.

Материалдарды карап чыгып, кызыктар тараптардын жүйѳлѳрүн угуп, Жумушчу топ тѳмѳндѳгүдѳй корутундуга келет.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 6-бѳлүгүнѳ ылайык «Соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.».

Талас облусундагы Бакай-Ата райондук сотунун 2019-жылдын 30-апрелиндеги ѳкүмү менен А.С. Кубанычбеков Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин (мындан ары – КР ЖК) 320-беренесинин 2-бѳлүгүнүн, 329-беренесинин 1-бѳлүгүнүн, 78-беренесинин 2-бѳлүгүнүн белгилери боюнча күнѳѳлүү деп таанылган жана 300 000 сом ѳлчѳмүндѳгү айып пул салынып, Боо-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ 135 000 сом ѳлчѳмүндѳ материалдык зыян кайтарылган.

2019-жылдын 29-июлунда Талас облусуттук соту Боо-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ 135 000 сом ѳлчѳмүндѳ материалдык зыянды алып салып, Бакай-Ата райондук сотунун 2019-жылдын 30-апрелиндеги ѳкүмүн ѳзгѳрткѳн.

2019-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Талас облусутук сотунун ѳкүмүн ѳзгѳрткѳн, КР ЖПК 26-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 10-пункттунун негизинде жосундарды декриминализациялоого байланыштуу КР ЖК 320-беренесинин 2-бѳлүгү боюнча жазык ишин токтоткон, КР ЖК 315-беренесинин 1-бѳлүгү боюнча мѳѳнѳтүнүн эскиргендигине байланыштуу, анын ичинде КР ЖПК 26-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 12-пунктунун негизинде шектенүү жѳнүндѳ кабарлама берилүүгѳ жаткан адам табылбагандыгы боюнча жазык иштери жана жоруктар жѳнүндѳ иштер боюнча токтоткон, КР ЖК 78-беренесин алып салган.

Укуктук баа берүү жана Маалыматтык технологиялар башкы башкапрмалыгынын маалыматтар базасын актуалдаштыруу максатында чечимдин кѳчүрмѳсү КР Ички иштер министрлигине жѳнѳтүлгѳн.

2021-жылдын 27-апрелинде КР Ички иштер министрлиги тарабынан КР ЖК 94-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык А.С. Кубанычбеков соттолгон эмес деп эсептелине тургандыгы боюнча № 04-09/1447 жазуу жүзүндѳ жооп келген.

КР ЖК 94-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык, «Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазык жазасынан бошотулган адамдардын соттолгондугу пробациялык мөөнөт ийгиликтүү аяктаган күнү жоюлат.

Эскертүү. Пробациялык мөөнөттүн ийгиликтүү аяктоосу болуп соттолгондун сот жана пробация органы тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруусу саналат.”.

Ошентип КР Жогорку соттун 2019-жылдын 17-декабрындагы токтому А.С. Кубанычбеков үчүн жазадан биротоло бошонгондугу болуп саналат, ага ылайык жосундарды декриминализациялоого жана узак мѳѳнѳтүнүн эскиришине байланыштуу иш боюнча ѳндүрүш токтотулган.

Ушуга байланыштуу талапкер А.С. Кубанычбеков шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келет.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 44-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Боо-Терек аыйлдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Э.А., Бейшебаевдин, Ч.Ш. Шабралиевдин, Р.А. Чыналиевдин, Д.К. Султанбаевдин, М.Т. Эгембердиевдин арыздарын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Асаналиевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                              Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2021-жылдын 30-апрели

№ 80