Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 16.03.2021 №35 «Тилектештик» саясий партиясынын даттануусу жѳнүндѳ

16.03.2021 №35 «Тилектештик» саясий партиясынын даттануусу жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

 

«Тилектештик» саясий партиясынын даттануусу жѳнүндѳ

2021-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына «Тилектештик» саясий партиясы кѳрсѳткѳн Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси жѳнүндѳ» Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – Ош шаардык АШК) 2021-жылдын 11-мартындагы № 14 чечимин жокко чыгаруу тууралуу «Тилектештик» саясий партиясынын тѳрагасы Т. Келдибаевден арыз келип түшкѳн.

«Тилектештик» саясий партиясынын тѳрагасы Т. Келдибаев даттануусунда Ош шаардык АШКнын 2021-жылдын 11-мартындагы № 14 чечими менен макул эмес жана бул чечимди негизсиз деп эсептейт.

Арыз ээси саясий партия ѳзүнүн съездинде Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына 75 талапкердин тизмесин кѳрсѳткѳнүн билдирген. Алардын ичинен саясий партия тарабынан 52 талапкердин документтери Ош шаардык АШКга толук кѳлѳмдѳ, ал эми 23 талапкердин документи айрым кемчилдиктер менен берилген. «Тилектештик» саясий партиясы документтерди берген учурда Ош шаардык АШК тарабынан документтердеги мүчүлүштѳр тууралуу айтылбагандыгын билдирет.

Арызда 2021-жылдын 10-мартында саат19.00дө Ош шаардык АШК айрым документтердеги жетишпегендиктер туралуу кабарлаганы жана документтердеги ылайык келбѳѳчүлүктү 2021-жылдын 11-мартынын 12.00 саатына карата оңдоонун зарылдыгын билдиргени айтылат.

Мындай шарттарда саясий партия саясий партиянын талапкерлеринин документтери шайлоо жѳнүндѳгү мыйзамдарга толук түрдѳ ылайык берилген, саясий партия берген айрым документтер Ош шаардык АШК тарабынан жоготулган деп эсептейт.

Ошондой эле арыз ээси «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, саясий партиялар зарыл документтерди тийиштүү шайлоо комиссияларына добуш берүү күнүнѳ чейин 40 календардык күндѳн кеч эмес тапшырарын кѳрсѳткѳн. Кѳрсѳтүлгѳн берененин 2-бѳлүгүнѳ ылайык тийиштүү шайлоо комиссиясы ошол документтерди кабыл алгандыгы тууралуу жазуу жүзүндѳгү тастыктаманы берүүгѳ милдеттүү.

Арыз ээсинин пикири боюнча, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин нормалары бузулган. Арыз ээсинин пикири боюнча,тийиштүү чечим добуш берүүгѳ чейин 40 календардык күн калганда кабыл алынууга тийиш эле, ал эми кѳрсѳтүлгѳн чечим 2021-жылдын 11-мартында, б.а. добуш берүүгѳ чейин 30 календардык күн калганда мыйзамсыз жана негизсиз кабыл алынган.

Мындан тышкары, Ош шаардык АШК «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине туура эмес шилтеме жасаган, анткени ал берене "Тилектештик» саясий партиясынын тизмесин каттоодон баш тартуу үчүн негиз боло албайт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Тилектештик» саясий партиясы Ош шаардык АШКнын 2021-жылдын 11-мартындагы № 14 чечимин толук түрдѳ жокко чыгарууну суранган. Арызга Ош шаардык АШКнын 2021-жылдын 11-мартындагы № 14 чечими тиркелген.

Арызда кѳрсѳтүлгѳн бардык жагдайларды алдын ала тактоо жана иликтѳѳ үчүн Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана башка шайлоо процессинин субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо бюонча Жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) тарабынан Ош шаардык АШКдан түшүндүрмѳлѳр жана материалдар суратылган.

Ош шаардык АШК «Тилектештик» саясий партиясынын арызы тууралуу 2021-жылдын 1-мартында Ош шаардык АШКга саясий партиянын ыйгарым укуктуу ѳкүлү Э. Исаков тарабынан (Ош шаардык АШКнын 2021-жылдын 25-февралындагы №2-1 чечими менен катталган) тѳмѳндѳгү документтер берилгендигин билдирген:

  1. талапкерлердин тизмесин тиркѳѳ менен Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына 75 сандагы талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ саясий партиянын чечими, бирок алар боюнча мыйзамдарда белгиленген документтер берилген эмес;
  2. 2021-жылы 26-февралда 50 000 сом ѳлчѳмүндѳгү шайлоо күрѳѳсүн тѳккѳндүгү тууралуу квитанция.

2021-жылдын 2-мартында Ош шаардык АШК ыйгарым укуктуу ѳкүл Э.Исаковго партиянын тизмесине кирген 75 талапкердин документтерин берүүнүн зарылдыгы тууралуу маалымдаган. Ош шаардык АШКнын билдирүүсү боюнча, 2021-жылдын 11-мартына чейин 5 талапкердин гана документтери толук кѳлѳмдѳ тапшырылган.

Ошондой эле 2021-жылдын 7 жана 8-мартында «Тилектештик» саясий партиясынан 35 талапкердин документин АШКнын документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобунун мүчѳлөрүнө Р.С. Закирова алып келген. Бул документтер кабыл алынган эмес, аткени Закирова саясий партиянын ыйгарым укуктуу ѳкүлү болуп саналбайт.

2021-жылдын 9-мартында саясий партиянын ыйгарым укуктуу ѳкүлү Э. Исаков 66 талапкердин документтерин берген, мында документтер толук эмес болгон. Ушуга байланыштуу 10-мартта партиянын тизмесине киргизилген 70 талапкердин документтери жетишсиз экендиги тууралуу кайталап билдирме берилген.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин талаптарына ылайык документтер «Тилектештик» саясий партиясы тарабынан Ош шаардык АШКга кабарлама алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде гана эмес, ошондой эле каттоо мѳѳнѳтү аяктаганга чейин берилген эмес.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Ош шаардык АШК арыз ээси даттанган чечимди күчүндѳ калтырууну суранган.

2021-жылдын 15-мартында «Тилектештик» саясий партиясынын арызын кароо боюнча Жумушчу топтун жыйыны болуп ѳткѳн, жыйынга «Тилектештик» саясий партиясынын тѳрагасы Т. Келдибаев, өкүлү Э. Агзамов, ыйгарым укуктуу ѳкүл Э. Исаков, Ош шаардык АШКнын тѳрагасы  чакырылышкан.

Арыз ээсин угуп жана арызды, ошондой эле сунуш кылынган материалдарды карап чыккандан кийин тѳмѳндѳгүлѳр белгилүү болду.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, «Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда аяктайт.». Ошондой эле аталган мыйзамдын 53-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына зарыл документтерди берет.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык, «Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин көрсөтүү тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык тыгын текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Мында шайлоо комиссиясы документтерден талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктү тапса, документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы бул ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө саясий партияга маалымдоого милдеттүү. Саясий партия маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.».

Ош шаардык АШКнын 2021-жылдын 2-мартындагы № 65 каты менен саясий партиянын ыйгарым укуктуу ѳкүлү Э.Исаковго документтердин ылайык келбѳѳсү, анын ичинде 75 талапкердин документтеринин жок экендиги тууралуу кабарлангандыгы аныкталган. Аталган кабарламаны алгандыгын тастыктаган Э.Исаковдун кол тамгасы 2021-жылдын 2-мартында коюлган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 8-бѳлүгүнѳ ылайык, «эгерде саясий партиянын, ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл бардык документтерди бербесе, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берсе, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү.».

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 8-бѳлүгүнүн талаптарына ылайык зарыл документтер «Тилектештик» саясий партиясы тарабынан Ош шаардык АШКга кабарла маалынгандан кийин 48 сааттын ичинде да, жана талапкерлердин тизмесин каттоо мѳѳнѳтү аяктаганга чейин да берилген эмес. Жетишпеген документтерди берүү жѳнүндѳ тастыктаган документтер арыз ээси - «Тилектештик» саясий партиясы тарабынан берилген эмес.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди кѳрсѳтүүнүн тартиби «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинде белгиленген.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 8-бѳлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартууга негиз боло алат.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 13-пунктуна ылайык, «жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин, алардын өкүлдөрүн каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет».

Ошентип Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош шаардык АШКнын 2021-жылдын 11-мартындагы № 14 чечими «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49, 53-беренелеринин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин нормаларына ылайык кабыл алынган деген тыянакка келет.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41, 42, 49, 53-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18, 20-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароонун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

 

ЧЕЧТИ:

 

1. Ош шаардык АШКнын 2021-жылдын 11-мартындагы № 14 чечими мыйзамдуу болгондугуна байланыштуу «Тилектештик» саясий партиясынын арызы боюнча талаптарды канаатандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү, Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Т. Асаналиевге жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                            Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 16-марты

№35