Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 09.04.2020 «МЦ Интербилим» АК Ош филиалынын, «Юз оф …

09.04.2020 «МЦ Интербилим» АК Ош филиалынын, «Юз оф Ош» АК, «Демилгелуу ишкер аялдар» КФ ж.б. аймактык жарандык форум тармактарынын мүчѳлѳрүнүн арызы жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 7-апрелинде  «МЦ Интербилим» АК ОШ филиалынын,  «Юз оф Ош» АК, «Демилгелуу ишкер аялдар» КФ ж.б. аймактык жарандык форумун тармактарынын мүчѳлѳрүнѳн (мындан ары – Арыз ээлери) арыз  келип түшкѳн.

         Арызда “шайлоолор токтотулган учурда, мурда 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Ош шаардык кеңешине шайлоолорго катышуучу саясий партиялар жана алардын талапкерлери тарабынан гуманитардык жардамдар таркатылган учурлар байкалгандыгы” билдирилген.

         Ушуга байланыштуу арыз ээлери  саясий партиялардын аракеттерине укуктук баа берүү жана мындай аракеттер добуштарды сатып алуу болуп саналабы, ушуну аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынан суранган.

         Ошол эле учурда “калктын турмуш шартын, туруктуулукту жана бейтараптыкты колдоо максатында  альтернативдүү чечим катары арыз ээлери партиялардын мүчѳлѳрүнүн, депутаттыка талапкерлердин, ошондой эле алардын ѳкүлдѳрүнүн күчү менен  гуманитардык жардамдарды таркатпоону, анын ордуна коомдук уюмдардын катышуусу менен жардамдарды партиялык эмес фонддорго чегерүүнү же берүүнү саясий партияларга сунуш кылган. Мисалы, Ош шаарында мэриянын, Элдик штабдын, Аймактык жараандык форумдун жардам берүү эсеби ачылган.”

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы арызды карап чыгып, тѳмѳндѳгүлѳрдү белгилейт.

1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык “шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууну жүзөгө ашырууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатууга; талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын символун, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге ылайык талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды кошпогондо, ар кандай товарларды акысыз таркатууга; акысыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүүгө тыюу салынат.”.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 10-февралындагы  ПЖ № 32 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын  Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Кѳл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын  жергиликтүү кеңештеринин дептутаттарын шайлоо  2020-жылдын 12-апрелине дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 32 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 10-февралындагы  ПЖ № 32 Жарлыгы менен 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча  шайлоо процессинин  этаптарын жүзѳгѳ ашыруунун иш-чараларын андан ары аткаруу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 54 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасында ѳзгѳчѳ кырдаал режими колдонулган мезгилде токтотулган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин ушул Жарлыгын жүзѳгѳ ашырууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан 2020-жылдын 23-мартындагы № 84 токтому менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча  шайлоо процессинин этаптарын жүзѳгѳ ашыруунун иш-чаралары  токтотулган.

2. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ ылайык “шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыз же даттануу менен кайрыла алат. Арыз, даттануу жүйөлүү болуп жана алар негизденген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш” экендиги белгиленген.

Ушуга байланыштуу, арызда кѳрсѳтүлгѳн учурларды негиздеген жана далилдеген материалдар Борбордук шайлоо комиссиясына берилбегендигин белгилейбиз, бул конкреттүү субъекттерге карата Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан укуктук баа берүүгѳ мүмүкүнчүлүк берген жок. Ошондуктан Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ арызды маңызы боюнча кароо үчүн Ош аймактык шайлоо комиссиясына жѳнѳтүүнү сунуш кылат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18, 20-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧТИ:

 

1. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 54 Жарлыгы менен токтотулган  Кыргыз Республикасынын  Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Кѳл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын  жергиликтүү кеңештеринин дептутаттарын шайлоого катышуу үчүн мурда катталган талапкерлер жана талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партиялар, ошондой эле алардын жакын туугандары, ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү, ишенимдүү адамдары тарабынан  шайлоолорду даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде  жарандардын арасында акысыз жардам таркатуусуна жол берилбесин деп эсептелсин.

2. Саясий партияларга жарандардын арасында гуманитардык жана башка жардамдарды түздѳн түз, ѳз алдынча таркатуудан баш тартуу, таркатуучу жардамдарды жергиликтүү мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарында түзүлгѳн штабдар аркылуу берүү сунуш кылынсын.

3. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары ушул чечимдин 1, 2-пункттарында кѳрсѳтүлгѳн маселелер боюнча 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 54 Жарлыгы менен токтотулган  Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Кѳл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин дептутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлеринин тизмесин каттаган  саясий партиялардын арасында иш жүргүзүү сунуш кылынсын.

4. Аймактык жарандык форум тармагынын мүчѳлѳрүнүн арызы  Ош аймактык шайлоо комиссиясына жѳнѳтүлсүн.

5. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Т. Асаналиевге жүктѳлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 Бишкек ш., 2020-жылдын 9-апрели

№ 10